Бообек АЖИКЕЕВ: «Куткаруучунун кесиби өтө жоопкерчиликти, эрдикти талап кылган гумандуу кесип. Майрамыңыздар менен!»

Бүгүн, 1-июль — куткаручуулардын кесиптик майрамы. Аларды Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев куттуктады. 
— Урматтуу куткаруучулар! Ардактуу ардагерлер!
Сиздерди 1-июль – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаручуулардын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Бүгүнкү күн өзүнүн маанилүүлүгү менен башка майрамдардан айырмаланып турат. Куткаруучунун кесиби өтө жоопкерчиликтүү жана эрдикти талап кылган гумандуу кесип. Биздин гана өлкөдө эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесиптердин бири болуп саналат.
Сиздер өзгөчө кырдаалдарга өз убагында маани берип, алардын алдын алуу боюнча маанилүү иштерди аткарасыздар. Алдын алуудан жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрлөрү сакталып калат. Бул кесип тез чечим кабыл алууну, чоң даярдыкты эле эмес, жеке эрдикти да талап кылган ардактуу кесип.
Ошондон улам, куткаруучунун кесиби эл үчүн чын жүрөктөн кызмат кылуунун анык баатырдык, чыныгы эрдик, кайраттуулук, өз ишине жан дили менен берилгендик сыяктуу мисалдарга өтө бай келет. Сиздер нечен ирет өзүңүздөрдүн иш билгилик, өз ишине тактык, тыкандык, ыкчамдык жана чечкиндүүлүк сыяктуу мактоого арзырлык сапаттарыңыздарды далилдеп келдиңиздер.
Урматтуу куткаруучулар!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгилик, сиздерге, үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Майрамыңыздар менен!
Кырсыктардын саны азайып, мамлекетибизде ар дайым тынчтык жана бейпилдик болсун!
Бообек АЖИКЕЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.