МАЕК — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Кыргыз тилин мажбурлап таңуулоого мезгил келди! Башка жол жок!»

МАЕК — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Кыргыз тилин мажбурлап таңуулоого мезгил келди! Башка жол жок!»

Окумуштуу, профессор Каныбек Осмоналиевдин Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчи болуп келгенине бир жарым айдан ашты. Бул убакытта кандай иштерди аткарды, тил саясаты, улуттук нарк, иш-кагаздарындагы каталар, сабатсыздыкты жоюу боюнча баарлаштык.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Кыргыз ата-энелер балдарын кыргыз класстарга берүүдөн баш тартышыптыр! Бул — зор трагедия! «

— Каныбек Осмоналиевич, сиз бул кызматка президенттин Жарлыгы менен 10-майда келдиңиз. Бул кызматка келишиңиз күтүлгөн чечим беле же күтүүсүз болдубу?
— Президент Садыр Жапаров 30-апрелде мени чакырып, ушул кызматты сунуштады. Бир караганда күтүүсүз болгону менен мен үчүн мындай сунуш көндүм эле болгондой туюлду. Анткени, 2008-жылы мени Билим берүү жана илим министри кызматынан күтүүсүздөн эле Дин комиссиясын жетектөөгө жөнөтүшкөн. Менимче, ошондо дагы, бул сапар деле менин эмгек тажрыйбам себеп болду окшойт. Мен президентке ыраазычылык билдирип, сунушун кабыл алдым. Анткени, мурдагы эки дос президенттер мага окшогон тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлерди пайдаланмак турсун, тескерисинче, катуу кодулашып, куугунтукташып, жалаң гана өздөрүнүн шопур-катчыларын, куда-сөөктөрүн, карындаш-уруктарын, кошуна-колоңдорүн жооптуу кызматтарга коюп алышып, коррупция менен уурулукту гүлдөтүп келишпедиби! Жыйынтыгын көрдүк. Өлкө ондогон жылдарга артка кетип, карапайым элдин жашоосу адам чыдагыс абалга кептелди. «Кадрлар баарын чечерин» туура түшүнүү гана өлкөнү алдыга сүйрөй ала тургандыгы кашкайып көрүнүп калды.

— А азырчы, кадр саясаты сизге кандай элес калтырууда?..
— Азыр Садыр Нургожоевич өзүнүн кадрдык саясатынын чечүүчү этабына өтүп жаткандай элес калтырып жатат. Алгачкы «кызуу кандуу», бийликке, байлыкка тап койгон «азаматтар» алды 3-4төн жооптуу кызматтарга баш уруп жиберишти. Көпчүлүгү колунан иш келбей кетүүгө аргасыз болушса, кээ бирлери кыска эле мөөнөт ичинде паракорлук, коррупция менен алпурушуп алышып шерменде болушту. Президент мындай «айбандардан» чечкиндүү түрдө арыла баштагандай! Үмүт кылып туралы! Кадр маселелери зор жоопкерчиликтер менен чечиле баштады! Бул жакшы жышаан!
— Президент сизге кандай милдеттерди жүктөдү?
— Азыр элибиздин басымдуу көпчүлүгү өлкөнүн келечегине, анын ичинен эне тилибиздин тагдырына катуу күйүп жатат. Журт козголду. Менин милдетим ушул «Кайра Жаралуучулук маанайга» толук кандуу шарт түзүп берүү! Биринчи кезекте уюштуруучулук жөндөмдү күчөтүү милдети турат. Президент дагы мага ушул тапшырманы берди. Мамлекеттик тил боюнча абал оор, өтө эле аянычтуу! Кыргыз тилибиз өзүнө энчиленген максатын, функциясын толук кандуу аткара албай келе жатат. Муну көрүп, билип туруп, анан мажирөөлүк кылып келгенибизге гана күйөм да! Бир карасаң, кыргыз филология илими боюнча окумуштууулардын саны жагынан дүйнөдө эң алдыңкы орундарда экенбиз. Анан эмне үчүн эле эне тилибиз «жетимсиреп» бөтөн тилдерге тең ата болбой келет? Ушундай осол «феноменге» жооп издеп таппасак болбойт!
— Туура айтасыз. Улуттук тилибизге көңүл бурбасак, эне тилибиз барган сайын колдонуудан калып, жоголуп кетүү коркунучуна бара жаткандай… Мейли бала бакча, мейли мектеп, мейли жогорку окуу жайлары болобу, 90% орус тилдүү болуп жатат, туурабы? Эгемендүүлүккө чейин тилдин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген саясатты күнөөлөчүбүз, бирок, эгемендүүлүк алганы орусча сүйлөмөй күчөп кетти. Бардык жерде, жадагалса үйүндө балдары менен орус тилинде сүйлөшкөн, кыргызчаны такыр түшүнбөгөн балдар толтура… Мындай көрүнүшкө жалтактаган адаттан арыла албаган өзүбүз эле күнөөлүүбүз да! Канткенде эне тилибизди сактап кала алабыз деген суроо жаралат да!..

—  Ооба, мындай осол көрүнүшкө биз, кыргыздар, өзүбүз гана күнөөлүбүз! 2012-жылы мен парламенттин профилдик комитетин жетектеп турганда, бир демилге менен чыктым эле: Бишкектин «крутой» мектептеринде кыргыз класстарын ачуу боюнча! Ал аракетимдин натыйжасында Жогорку Кеңеш токтомун токуп, Бишкек шаарынын мэриясына кыргыз класстарын ачууга тапшырма бергенбиз. Аягы эмне болду? Кыргыз эле ата-энелер балдарын кыргыз класстарга берүүдөн баш тартышыптыр! Бул эмне? Бул — зор трагедия! Кыргыз улутунун жоюлуп кетүүсүнө бет алган тенденция! Баласынын ийгиликтүү келечегин орус же англис тили менен гана байланыштырган макулуктар болуп жатышпайбы?! Эмне алдыңкы илимий технологияларды өзүнүн бай ресурстарына камтып ала турган кыргыз тилин жерийлиби?
Эми бала бакча жана мектептер боюнча. Кечээ, 1-июлда, менин демилгем менен Бишкек мэриясындагы жана биздин флагман болгон Кыргыз улуттук университетибиздеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги абалдары боюнча жыйын өткөрдүк! Укмуш сөздөр айтылды. Жалпы иш кагаздарынын дээрлик көпчүлүгү расмий тилде жүргүзүлөт экен. Муну баарыбыз эле билебиз. Бирок жыйынтык чыгарбай жатабыз да! Ошондуктан, кыргыз тилин мажбурлап эле таңуулоого мезгил келиптир! Башка жол жок! Орус тили өзүн Кыргызстанда коргоого муктаж эмес. Ал Пушкин менен Лермонтовдун сыйкырдуу талантын ачып берген улуу тил! БУУнун жумушчу тили. Бирок, өзүбүздүн кыргыз тилибиз биз үчүн ыйык да! Ошондуктан, билим берүү стандартын кайрадан кароого мезгил жетти. Мен бул жөнүндөгү көз карашымды жакын арада жарыя кылам!
— Сиз айткандай мамлекеттик иш кагаздарыбыз бүтүндөй орус тилинде… «Кыргыз тилинде болсун» деген буйрук кагаз бетинде эле саргайып калып келе жатат… Ушул көйгөй, ылайыкташып калган система менен сиз кантип күрөшөсүз?
— «Эне тилибиз өнүккөн жок» деп кесе айтканыбыз туура болбой калат го. СССР учурундагы эне тилибиздин тагдырын билген киши катары ошол кез менен салыштырып, «Ой Кудай, кыргызды, анын тилин сактап калдың, сага ыраазымын!» деп айтып келем. Эсиңерде болсо, ал кезде кыргыз тилин кордоп, «орус тилин «экинчи эне тилибиз» деп дөөрүй башташты эле го, унутуп калдыкпы?.. 1989-жылы коммунисттик мезгилде мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алып жибергенибиз зор эрдик болгон. Ал кездеги аталарыбызга рахмат айтышыбыз керек! Бирок, анан эле Кыргызстанды таламай башталды. Көзү кызарган кузгундар өндүрүштү, айыл чарбасын тыптыйпыл кылышты. Натыйжада, 200-300дөй жаңы олигарх-коррупционерлердин ууру кландары пайда болду. Мындан билим берүү, илим, маданият, саламаттыкты сактоо системалары катуу жабыр тартышты. Мамлекеттик тил боюнча алгачкы демилгелер, дымактар же энтузиазмдер өрт өчкөндөй болду. Тилге милдеттүү болгон конъюнктурщик чиновниктер ага көңүл бурмак турсун, кайра бут тосушуп, башка тилге жасакерликке өтүп кетишти. Алар үчүн өздөрү пара берип ээлеген кызмат орундары гана маанилүү болду! Негизги себеби ушул. Анан кыргыз тилинин негизги алып жүрүүчүлөрү болгон карапайы калк, жашоо үчүн чет мамлекеттерге жумуш издеп тентип кетишти! Мамлекеттик тилдин тагдыры жалаң гана саткын чиновниктердин колунда калды. Алар болсо «кожо көрдү» кылып мыйзамды баш, калган укутук-нормативдик документтерди төш кылышып күрүлдөтө кабыл алып коюшуп эле дымып отуруп калышты. Ооба, аш-тойлорго, керексиз эле юбилейлерге баш уруп жүрүштү. Албетте, жакшы иш-чаралар дагы болду. Бирок, алар тиги популизм менен жоопкерсиздик саясаттын көлөкөлөрүндө калып кетти! Азыр абалды өзгөртүү максатында кескин саясаттык өзгөрүүлөр мечемделүүдө. Учуру келгенде билесиздер!

— Азыр мамлекеттик кызматтардагы котормочулардын көбү Гуглга салып которуп койгондору айдан ачык эле көрүнүп калууда. Конституция, буйрук, келишим, мыйзам долбоору жана башка иш кагаздары кыргыз тилинде түшүнүксүз болууда… Буга сиз кандай көз караштасыз?
— Ооба, туура, азыр Гуглдун жардамы менен которуу варианттары болуп жатканы ачуу чындык. Алар кыргыз тилинин маанисинин таптакыр башкача берип салышууда: кыжыр кайнаткан же күлкүнү келтирген сөздөр менен которуп коюшууда… Мына, жакында эле Жогору Кеңеште бир министрликтин кыргыз тилиндеги мыйзам долбоору катуу сынга кабылды. (Депутат Адахан Мадумаров мыйзам долбоорун кыргыз тилине которулушундагы одоно каталар, министрлердин сабатсыздыгы боюнча сындаган – авт.). ВИДЕО

Сабаттуу кызматкер – мамлекеттин жүзү. Сабатсыздыкты жоюу боюнча биздин мекеме өз ишин баштады. Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун окутуучусу А. Исманкулова тарабынан кечээтен бери (1-июлунан тартып) Ɵзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аппарат кызматкерлерине “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” темасында окуу курсу өтүлѳ баштады. Курстун катышуучулары “Кыргызстандагы иш-кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы”, “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери”, экономикалык, финансылык терминдердин колдонулушу тууралуу маалыматтар менен таанышып, окуу программасына ылайык иш-кагаздардын бардык түрү боюнча практика жүзүндѳ айкалыштырып, квалификациялык деңгээлдерин жогорулатууга умтулушууда. Мындай көрүнүш эне тил саясатын өнүктүрүүгө, иш-кагаздарын сабаттуу жазууну күчтөндүрүүгө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик тил комиссиясы былтыр мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, коргоону өз көзөмөлүнө алды. Тил саясаты сабатсыздыкты жоет. Биздин мекеме сабатсыздыкты жоюу үчүн биз ар бир ишкана, ар бир университетке барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бишкектеги 4 районго (Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи Май районуна) барышты. Кечээ, 1-июлда Бишкекте «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышта жыйын болуп, натыйжалуу аяктады.

— Бул мекемеде канча адам эмгектенет экен? Реформа кылууга муктаж бекен?
— Тил комиссиясынын борбордук аппаратында 18 кызматкер бар экен. Бул азбы же көпбү, азырынча айта албайм. Анткени, системалык админстрациялоо иши башынан бери эле керектүү жолго салынган эместей. Кызматкерлердин функционалдык милдеттеринде башаламандык күч! Кызматкерлер «өрт өчүргүчтүн» ролун аткарып эле жүрүшөт. Биз муну катуу белгиледик! Реформаны ушул багытта жүргүзөбүз. Анан калса, президент кечээ парламентте айтпадыбы, «Ушул жылдын 1-августунан баштап, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт» деп. Демек, ушул чечкиндүү жана жагымдуу чаралардын контекстинде биз дагы Комиссиянын кызматкерлерин жаңы талаптарга ылайык тандап алуубуз керек деген пландарыбыз бар! Эң кызыгы, 2021-жылдын 28-июль айында президент Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен Комиссияга «Кыргызтест», «Кыргыз энциклопедиясы», «Терминком» уюмун жана Окутуу борборун каратып берген экен. Бирок, «Кыргызтесттен» башкалары эмдигиче толук кандуу баш ийип, иштей албай келишиптир. Ал турсун алардын Жоболору дагы бекитилбей, кызматкерлери 11 айдан бери маяна албай жүрүшүптүр. Таң каласың? Ооба, мен түшүнөм, жогору жактан дагы объективдүү, субъективдүү себептер болгондур?.. Бирок, кызматкерлердин тагдырлары менен өлкөнүн керектүү институттары эмнеге мындан жабыр тартыштары керек? Азыр бул абалды оңдоого аракет кылып жатам. Тилекке каршы, өйдө жактагы майда жана ири чиновниктер өтө эле жай кыймылдап жатышат!
— Алардын аттарын ачык эле айтып койбойсузбу?..
— Эми алардын дагы аттарын ачык атап чыгып, президентке кайрылат окшойм. Башка айла калбай бара жатат!
— «Китеп чыгарууга мамлекеттен жакшы каражат бөлүнөт. Китеп чыгаруу дагы өзүнчө чоң саясат, тааныштарыныкын чыгарат…» деп укканыбыз бар… Негизи китеп чыгаруу кандай критерий менен тандалат?
— Бул маселени мен эми гана иликтей баштадым! Түшүнүксүз жагдайлар өтө эле көп. Убакыт бериңиздер, баарын иликтеп чыгабыз!
— «Сыйлык тапшыруу жагы да саясатташып кеткен» деп жатышты эле…
— Ооба. Мен дагы таң калып келем. Бул жерде бир жагдай бар экен! Кыргыз тилине күйүмүш болгон кээ бир коомдук уюмдар өздөрүнүн сыйлыктарын оңду-солду сатып жүрүшөт деген маалыматтар келүүдө. Эгер ал чын болсо, бул кылмыш ишине тете болоорун унутпашыбыз керек!
— Сиз бул кызматка келгенде катуу сындалдыңыз. «Туура эмес кызматка келди, физик ишти алып кете албайт» деген сыяктуу сын-пикирлер айтылды, жазылды дегендей… Мындай сөздөрдү кандай кабыл алдыңыз?
— Мен муну салкын кандуулук менен эле кабылдадым.
— Чиновник, жетекчи, дегеле, эне тилибизге күйүп жаткандардын көпчүлүгү көшөгө артында башкача, балдар, неберелерине орус тилинде сүйлөшөт. Сиздердин үй-бүлөдө ушундай көрүнүш барбы?..
— Мактана албайм, бул жагынан проблемам бар. Мен Эстонияда 1980-1987-жылдары жашап келдим. Аспирантура, жумуш болду дегендей. Эки уулум кыргыз, орус жана эстон тилдеринде тарбия көрүштү. Анан Кыргызстанга келгенибизде жалаң гана кыргыз тилинде сүйлөп чоңойушту. Орус тилин жакшы билишет. Ал экөөнүн балдары кыргызча жана орусча тең-тайлаш сүйлөшөт. Бирок, неберелеримде проблема бар. Азыр аны жоюуга катуу киришип жатабыз!

Мамлекеттик тилибиздин макамын жогорулатуу керек!

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 33 жыл болот. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан мамлекеттик тил макамын озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, пресс-конференция, пресс-релиздер, бардыгы орус тилинде… Мекемелердин жетекчилери даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп, катуу сүйлөйт, а иш жүзүндө эч нерсе жок. Кайран гана, кыргыз тилибиз!
Кыргыз тили дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле көз карандысыз, өз алдынча тилдин статусун 33 жыл мурда алгандыктан ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш! Бүткүл дүйнөгө кыргыз мамлекети белгилүү болуш үчүн мамлекеттик тилибиздин макамын жогорулатуубуз керек деп ойлойм!

Назира СААЛИЕВА

3 thoughts on “МАЕК — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Кыргыз тилин мажбурлап таңуулоого мезгил келди! Башка жол жок!»

  1. Кыргыз тилин онуктуруш учун бардык документтерди мамлекеттик тилге откоруу керек. Чогулуштарды кыргыз тилинде отууну талап кылуу зарыл. Бул талаптар аткарылбаса эне тил тирикчиликтин денгээлинде калып, жоголо балтайт. Орус тилин билбегендер мамлекттик кызматтарга иштей албай атышат. Ата энелер ошондуктан балдарына орус тилдуу мектепти тандап атышат. Орусча суйлой албагандар олкодо билиимсиз деп эсептелет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.