Эрбол СУЛТАНБАЕВ: «Коомдук ишмер, жарандык активист, блогерлерди чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялабоого чакырабыз!»

Эрбол СУЛТАНБАЕВ: «Коомдук ишмер, жарандык активист, блогерлерди чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялабоого чакырабыз!»
Бүгүн, 3-июлда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди, блогерлерди жана башка активдүү турмуштук позициядагы адамдарды коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырабыз.
Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери.
Ошондуктан, биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз.
Даярдаган Гүлгаакы МИРБЕК  кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.