Кумарканалар тууралуу мыйзамга кол коюлду. Казинонун бир оюн ойнолуучу үстөлү канча турат?..

Кумарканалар тууралуу мыйзамга кол коюлду. Казинонун бир оюн ойнолуучу үстөлү канча турат?..

Ошентип бул жума да аяктап баратат. 30-июнда президент Садыр Жапаров кумарканаларды чет өлкөлүктөр үчүн ачууга уруксат берген мыйзамдарга кол койду.

Мамлекет башчынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюлган эки мыйзам расмий түрдө «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө» жана «Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат.

Кумарканаларды балдар бакчасынын, мектептердин, университеттердин, окуу, маданий, медициналык жана диний мекемелердин, ошондой эле турак жай имараттарында ачууга болбойт. Оюн-зоок жайларына кыргызстандыктар, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жараксыз чет элдиктер кардар катары кире албайт.

Казинонун бир оюн ойнолуучу үстөлү (1 флот) үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы бир миллион, 2024-жылдан тартып 1 млн. 250 миң сом болору белгилүү болду.

Эске сала кетсек, кумаркана мыйзамы өткөн аптада Жогорку Кеңеште талаш-тартыш менен кабыл алынган. Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо үчүнчү окууда да добуш берилген. Ага 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес. Мыйзам кабыл алынгандан бери жер-жерлерде айрым тургундар акцияга чогулуп, президент Садыр Жапаровдон кумарканалар боюнча мыйзам долбооруна кол койбоону суранышкан.

Садыр ЖАПАРОВ: «Байдыкын байкуш аяйт» болбогула!»

25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине президент Садыр Жапаров кезектеги маегин берген. Андагы маегинде мамлекет башчы «казино 2012-жылы жабылды» делгени менен азыркыга чейин жашыруун иштеп жатканын айтып, аларды ачыкка чыгарса “көмүскө каржы булактары мамлекеттин казынасына түшөрүн” баса белгилеген. Ошондой эле, президенттин айтымында, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. «Байдыкын байкуш аяйт» болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Мына, мисалы, мурдагыдай салык менен бажыдан түшкөн каражаттын эле көзүн карап олтурбастан, “Кумтөрдү” алып, кошумча киреше булагыбыз пайда болуп, социалдык тармактагы кызматкерлерибиздин айлык акыларын үч эсеге чейин көтөрүп бердик. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт. Ошондо гана мамлекеттик кызматтарга жогорку деңгээлдеги адистер келет, ошондо гана элибизди бийик деңгээлде тейлей башташат, сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Дасыккан адистер бүгүнкү 5-10 миң сомдук айлыкка келбей жатышат«,-деген президент Садыр Жапаров.

Казино боюнча президенттин маегинин толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.