Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды. Мирзиёев менен илимпоздордун билдирүүсү…

Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды. Мирзиёев менен илимпоздордун билдирүүсү…

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Каракалпакстандагы башаламандыктар тууралуу маалыматы «CentralAsia.media» сайтына кечээ, 3-июлда жайгаштырылды. Анда Каракалпакстандын тагдыры Өзбекстандын тагдыры экендиги айтылган. Ал 2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолугуп, каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштаганы жана учурда кырдаал боюнча айткандары жазылган. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Эмнеден улам эл толкуду?..

Белгилей кетсек, Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. 26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген «суверендүү республика» деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган. 1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республика борбору Нукуста миңдеген адамдардын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Илимпоздордун айтымында…

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Кыпчак тилинде сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Республикада жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген. Каракалпакстандын оппозициялык саясатчылары Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына каршы болушууда. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

Каракалпакстандыктарды колдогон мигранттар кармалды

1-июлда Атырау шаарынын борбордук аянтындагы митингден кийин ондогон киши кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын бир бөлүгү сурактан кийин бошотулган. Бул тууралуу Атырау облустук полиция департаменти кабарлады. Жергиликтүү басылмалар митингге чыккандар Атырау шаарында иштеген каракалпакстандыктар экенин жазышты. Алар Ташкент сунуштаган конституциялык реформаларга нааразы болгон мекендештерине тилектештик билдиришкен. “Аянтка 75тей киши чыкты. Алар уруксатсыз митинг өткөрүштү. Көбү кармалды, сурактан кийин бошотулушту. Ушул тапта бизде “Мигрант” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өтүп жатат. ” Кармалгандардын арасында Атырау облусунда документсиз иштеп жүргөндөр болгон. Аларга административдик айып пул салынды. Көбү бошотулду, айрымдары соттун чечими күтүп жатышат”, — деп билдирди департамент. Ошондой эле, полиция департаменти кармалгандардын арасында өзбекстандыктардан башка да чет өлкөлүк жарандар болгонун кошумчалады.

Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы чек ара өткөрмө бекетин жапкан.

Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды

Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланды. Улуттук гвардиянын колбашчысы Рустам Жороев комендант болуп дайындалды.  Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат. Каракалпакстанга кирип-чыгуу токтоп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.