Карындашын коргойм деп кырсыкка кабылган адам эки айга камакка алынды

Карындашын коргойм деп кырсыкка кабылган адам эки айга камакка алынды
Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы Сухраб Жумакулов Чүй райондук сотунун чечими менен ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Ирискулбеков журналисттерге билдирип, соттун чечими мыйзамсыз экендигин айтты.

Каргашалуу окуяга кандайча кабылып калды эле?

Чүй облустук милициянын маалымат кызматы окуя 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгонун билдирген.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аялдамада турган 33 жаштагы кыз эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп ичине отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автосун жол четине токтотуп аялга асыла баштаган.
«Аял эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп кызды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Карындашын коргогон адам Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.