МАЕК — Руслан КУРМАНАЛИЕВ: «Курманжан датканын атасынын ролуна өттγң» дегенде аябай кубангам» (Видео)

МАЕК — Руслан КУРМАНАЛИЕВ: «Курманжан датканын атасынын ролуна өттγң» дегенде аябай кубангам» (Видео)

Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов атындагы сыйлыктардын жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Руслан КУРМАНАЛИЕВ менен кенен маек курдук.

Маегибиз түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун жакында эле театрга коюлган «Аялдардын баш калкалоочу жайы» спектаклинин бет ачаарынан башталды…

— Руслан, «Аялдардын баш калкалоочу жайы» пьесасынын котормосу жана ал боюнча коюлган спектакль купулуңа толдубу? Же биз байкабаган кемчиликтер барбы?

— Түрк драматургу  Тунджер Джюдженоглунун(Тунжер Жүженоглу) «Kadınlar Sığınağı» аттуу драмасын Елена Оганова «Приют для женщин» деп орус тилине которуптур. Калаабыздын «Ак-Өргө» конушундагы N84 орто мектепте орус тилинен сабак берген мугалим эжебиз Кайырбүбү Токорова «Аялдардын баш калкалоочу жайы» деп орусчадан кыргызчага которуп берди. Котормо жакты, эжебиздин элге жеткиликтγγ болгудай жатык тил менен которуптур. Аны 80 мγнөттγк спектаклге айланткан — мыкты режиссер Элвира Ибрагимова. Сахнада 8 гана актриса ойноп, ар кай жерден келген кыз-келиндердин аянычтуу тагдырын ийине жеткире көрсөтө алышты. Көрγγчγлөр купулуна толгондон кийин менин купулума кантип толбосун! Биздин сынчыбыз — эл да. Элге жаккандан кийин, демек, спектакль мыкты коюлду.
— Спектакль көркөм кеңештин сынынан өтөт да?..
— Албетте! Бул спектакль алгач биздин театрдын көркөм кеңешинин, андан кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Көркөм-эксперттик комиссиянын кароосунан өттγ. Эл алдына ушул экөөнөн өткөндөн кийин гана алып чыгабыз. Дароо эле алып чыга калбайбыз, сахнада да бир канча даярдыктар болот. Алар да бир далай убакытты алат: бир айлап, эки айлап спектакль γстγндө режиссерлор, сγрөтчγ, жарык бергендер, музыка койгондор, труппа башчылары иштешет.

Ошол спектаклди тейлеген техникалык персоналды атай кетсем, сγрөтчγсү Мариям Аблакова, жарык берген Нургγл Ниязалиева, музыкасын койгон Белек Рысбек уулу болду. Труппага Глара Малабекова башчылык кылып, режиссерге жардамдашкан Гγлмира Ташматова эжебиз болду. Спектаклди үч күн катар (28-29-30-июнда) коюп, элдин жакшы баасын алдык. Ушул спектакль менен жайкы сезонду да жыйынтыктадык. Болгону бу жолку сезонубуз жылда жапкан спектаклибиз менен жыйынтыкталбай калды. Жетишпей калдык.

Баарыңыздар билгендей, биздин театр СССРдин эл артисти, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын атын алып жγрөт. Сезонубузду белгилүү драматург, театр жана кино режиссеру Жаныш Кулмамбетовдун «Талант жана тагдыр» спектакли менен ачып, жапчубуз. Бул спектаклди учурунда Кыргыз эл артисти, менин устатым, белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков койгон. Алгач сахнага 2004-жылы декабрда алып чыкканбыз. 18 жылдан бери сезонду ушул спектакль менен ачып, жабуу салтка айланып калган. Спектаклге жаштарды аралаштырып, жаңыча даярдайлы деген элек, ага үлгүрбөй калдык.
— Жаш таланттар да такшалыш керек, тапташ керек дегендей, театрдын жаштарга карата кандайдыр бир тандоо критерийлери барбы?

— «Актер, актриса болобуз» деп атайын окуу жайлардын бγтγрγγчγлөрγ келишет. Мисалы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство  университетинин, Кыргыз-тγрк “Манас» университетинин жана Театралдык окуу жайдын студенттери келишет. Бизде көркөм кеңеш бар, анын курамы — атактуу чыгармачыл адамдар. Алар талапкерлерди ар кандай жанрдан карап, тандап алышат. Айрым учурда өзγбγз театрларга барып, тандап, чакырып келебиз.
— Бош орундар болуп калса чакырасыңар да?..
— Албетте, штатта орун болгон учурда чакырабыз. Анткени театрда орун чектелγγ. «Сахна жаштыкты сγйөт» дегендей, жаштарды тартууга аракет кылабыз. Анын γстγнө театрыбыз да жаштар театры деп аталып турбайбы…
— Театрда канча адам иштейт? Алды канчага барып калды? Айлык акыңар көтөрγлдγбγ?..
— Жалпысынан 60-70тей (техникалык персоналды кошкондо) кызматкер иштейт. Анын 32иси — артисттер. Айлык акыбыз көтөрγлдγ. (Кγлγп) Канча жылдан бери чоң айлык ала элек болчубуз, кубанып жатабыз. Чыгармачылыкка көңγл буруп, маянабызды көтөргөн президентке, Министрлер кабинетине, Маданият министрлигине ыраазычылык билдиребиз! Анткени азыркы театрга келген жаштарга стимул болду, айлыктары көбөйγп…

Биздин театр жаңы алган жаш артисттерди 6 айга чейин сыноо мөөнөтγ менен алабыз. Алар экинчи категорияга киришет. Мына, ушул эле жаштарыбыз 12 миң сом алышат. Биз 6-7 миң айлык менен эле иштечγбγз. Кесибибизди сγйгөн γчγн гана мындай маянага чыдап келдик да. Болбосо мындай айлык менен γй-бγлөнγ багуу кыйын. Анын γстγнө батирлерде жашайбыз… Тигил жакка, бул жакка деп тартып жеткире албай келгенбиз. Азыр Кудайга шγгγр, шγгγрчγлγк кенен жγрγп калдык.
— *Театрдын да эскилиги жетип, арты урап тγшγп жатыптыр… Гримерка бөлмөңөр да, сахнаңар да өтө тар. Бул маселе боюнча Маданият министрине кайрылдыңар беле?
— Ооба, туура, театрыбыздын абалы көңγл жылытаарлык эмес. Башка мамлекеттерде, мисалы, коңшу эле Казакстанда, Өзбекстанда, Россияда жаштар театрына эчак эле көңүл бурулуп, жаңы чоң театр салынган. Сахналарынын да кенендигинен өздөрγнγн тарыхый чоң жана дγйнөлγк спектаклдерди коюп жатышат. А бизде, жарык берγγ жагы анча эмес, кондиционер жок.

Көрγγчγлөргө каралган орундуктар — жγз кишилик, сахнабыз тар, 5-6, ашып кетсе 8 адамга гана ылайыкталган. Ошондон улам, бир спектаклди бир кγндө γч жолу коюуга туура келет. Сахнабыз чоң болгондо бир эле жолу коймокпуз. Жаңы театр салынып, сахна кеңейсе, өзүбүздүн тарыхый чыгармаларыбыздан дγйнөлγк чыгармаларга чейин койгонго дараметибиз, кγчγбүз жетет. Себеби, биздин театрда белгилγγ, тажрыйбалуу, дасыккан чебер артисттер эмгектенет.

Гример бөлмөлөрүбγздγн аздыгын, тардыгын да байкапсың. Туура, баары өзγң көргөндөй… Театр муктаждыктарынын баарын «Аялдардын баш калкалоочу жайы» спектакли коюлган соңку күнү келген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова өзү да айтты. Ал киши байкаган соң сөзсүз министр Азамат Жаманкуловго жеткирет деп ойдобуз. Азамат мырза деле театр абалы боюнча кабардар. Анткени, ал киши менен жолугушуулар болгон, ошондо да баарын айтканыбыз, ал «жаңы театр салынат» деп айткан…. Жакшылыктан γмүт γзбөй келгенбиз, жакын арада жаңы театр салынып калаар деп үмүтүбүз зор…
— Негизи гример бөлмө ар бириңерде болушу керек да, бирок азыр тардыгына да карабай, экиден-үчтөн болуп эптеп жасанат окшойсуңар ээ?

— Ошондой… Мен эл Бопуш деп билген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жанталиев агам менен бир бөлмөдө отурчумун. Марат байке бир башкача адам эле да. Ал киши Москвадагы С.А. Герасимов атындагы ВГИКте (Всероссийский государственный институт кинематографии) залкар орус актеру Алексей Баталовдун курсун бγтγргөн.

Эмгек жолун айтылуу режиссерубуз Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында 1982-жылы баштап, 1990-жылдарга чейин иштеп, 1991-жылдан өмүрүнүн акырына чейин ушул биздин Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрыбызда эмгектенди. Дагы далай сонун образдарды жаратат эле, тилекке каршы, 2020-жылы 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болуп калды. Биздин театрда бир топ ролдорду аткарды, элеси тγбөлγккө жүрөктөрдө калды.

Абдан таланттуу, адамгерчиликтγγ, жөнөкөй, керемет киши эле. Экөөбγз көп баарлашчубуз, чыгармалар тууралуу сγйлөшчүбүз, далай кызыктарды айтып берчγ… Чыгармачылык жактан да, γй-бγлөлγк жактан да сырдаш элек… Алтын байкебизден ажыраганыбызга эки жыл болуп калыптыр, Кудай буйруса, кγзүндө Марат байке ойногон бир-эки спектаклди тартуулайбыз деген тилек бар…
— Негизи театр бир жылда канча спектакль коесуңар?

— План менен иштейбиз. Негизи бир жылда 4 спектакль, балдар γчγн бир жомок коюлушу керек. Бардыгы эле барып каражатка такалат эмеспи. Жетиштүү каражат министрликтен бөлγнүп турса эле спектакль койгондон маселе болбойт. Каражат бөлγнбөй калдыбы, демөөрчγ издөөгө туура келет. (Кγлγп) Казакстанда жылына акча жакшы бөлγнγп, атγгγл ашып да калып, кайда короторун билбей калышат экен. А биздечи?.. Бизде жакшы чыгармалар бар, койгонго каражат жок. Ошентсе да план менен 5 спектакль чыгарышыбыз керек. Мектеп окуучулары, ЖОЖ студенттери менен да тыгыз байланыштабыз. Дайыма аларга ылайыкталган спектакль даярдап келебиз. Анан эл, жер кыдырабыз. Мына, жакында эле «Аялдардын баш калкалоочу жайы» спектакли боюнча Тγркиядан чакыруу алдык. Буйруса, сентябрда чыгармачыл топ менен барып келебиз. Сырттан башка дагы, мисалы, Англия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан фестивалдарга чакыруу келип калат. Россияда өтө турган Чеховдун фестивалына катышабыз деген оюбуз бар.

— Сенин деле театрда иштеп жатканыңа бир топ жыл болуп калды. Мурда мамлекет тарабынан γй берилчү эле, башка да колдоолор болор эле?
— Ооба, бир топ жыл болду, 30 жылга чукулдап калды. Актерлукту тандап алгандан тынбай эмгектенип келатам. Эми мамлекет тарабынан γй берγγ деген тγшγнγк Союз учурунда болчу да… Союз урагандан кийин андай мыйзам жок болду. Ошондон улам, мамлекеттен γй алган жокмун. Кудайга шүгүр, театр менен илгери үмүттө иштеп жатабыз…
— «Сγйγктγγ кесип, сγйγктγγ балдарың, сγйγктγγ жарың жаныңда… Мындан өткөн бакыт барбы» деп коюшат го… Ошол бакытты учурбай бекем кармап, турмуштун ысык-суугуна чыдап жолдошун ийгиликке жеткирген алган жарына жараша да болот да. Менин жолдошум, сенин чыгармачылыктагы досуң Эрнис айткандай, «Сен жар тандоодон жаңылбапсың…»

— Келинчегим Гүлгаакы — Эрнис АСЕК уулунун курсташы. Эрнис экөөбγз да келинчегим аркылуу таанышканбыз. Бир топ жыл γй-бγлөлγк катташта болдук. Эрнис мыкты журналист, мыкты котормочу, жакшы жар, камкор ата болчу. Экөөбγздγ жакындаштырган чыгармачылык болду. Бир курдай баарлашып отурганда: «Орустардын кайсы актёрун жактырасың?» деп сурап калды. Владимир Высоцкий менен Армен Жигарханянды айтсам эле, «ап, бали!» деди. Көрсө, Эрнис да ушул эки инсанды жакшы көрөт экен да… Эрнис Высоцкий менен Цойдун ырларын которгонун айткан эмес, аны сен сайтыңа чыгарып, ошол жактан окуп, билдик да. Мактанбастыгын келинчегимден уккам.

Ал эми Эрнис мактаган келинчегим Гүлгаакы тууралуу айтсам, ал да илим-билимге жакын. Кесиби таптакыр башка, бирок, менин кесибимди абдан жакшы тγшγнөт, сын-пикир, кеңештерин айтып турат… «Айлыгың аз, бул кесипти ташта!» десе, менин карьерам жаш кезде эле өлмөк. Тамагым даяр, кийим-кечем жуулуу, балдарым багылуу дегендей, кабак-кашым дебей, турмуштун ысык-суугун көтөрγп жанымда жаркылдап колдоп-коштоп келатат. Эрнис досум айткандай, абдан жакшы жарга туш болгом, бактылуумун, келинчегиме ыраазымын. Ар бир чыгармачыл инсандын артында бекем тыл болуш керек! Тылың бекем болбосо, ийгиликке жетпейсиң. Бекеринен кыргызда: «Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы» деп айтылбайт да…
— Балдарыңдын бири Бакенбий кыска метраждуу сериалдарга тартылып жγрдγ эле. Келечекте актер болушун каалайсыңбы?
— Ооба, мен тартылган кыска метраждуу сериалдарга уулум менен кызым кичинесинде кошо тартылып жγрγштү. Бирок чоңойгону тартылгылары келбей калды (күлүп). Менин кесибимди тандаса, макул демекмин, каалашкан жок. Каалоолору башка кесипте экен деп калдым. Негизи балдарды кыйнап кереги жок, өз эркине, өз тандоосуна койгон туура. Биздин кесип — ары татаал, ары оор кесип, тандап туруп, таштап кете албайсың..
— Баш-аягы тасмаларда канча роль жараттың, аткарган ролдоруңдан өзγңө өзгөчө жакканы барбы?

— Кыска метраждуу тасмаларды кошкондо, баш-аягы 35ке жакындап калды. Сахнада ойногондорум 50дөн ашты. Аткарган ролдорумду «андай, мындай» деп бөлбөйм, ар бир образга сγңгγп кирип, жγрөктөн өткөрγп аткарам, андыктан бардыгын жактырам,
— Бирок роль тандайсың да, жакканы болот, жакпаганы да болот дегендей?
— Ооба, кээде тандаган учур болуп калат. Сценарийди окуп көрγп, жакса аткарам, жакпаса сыпайы баш тартып коем.
— Сахнада роль аткаруу кыйынбы же киного тартылганбы?
— Бирин жеңил, бири кыйын дегенге болбойт, экөөндө тең чоң тγйшγк, чоң эмгек бар.

— Курманжан датка тууралуу тарыхый тасмада Курманжан датканын атасы Маматбайдын ролун аткардың. Бул ролго тандалып алындыңбы же чакырыштыбы?
— Билесиңерби, Алымбек датка менен Курманжан даткага кастинг жарыялардан мурда эң биринчи Маматбайдын ролу бекитилген. Кадимкидей эле кастинг жарыяланып, Маматбайдын ролуна 4 актер катыштык. Көркөм кеңеш менин талапкерлигимди жактырып, тандап алышты окшойт. Айтор, «сени бекитишти» деген коңгуроо болгондо аябай кубангам…

— Гонорар жагы кандай болду, жакшы эле алдыңбы?
— Бул тасма мамлекет эсебинен тартылды да. Акчанын аз, көбγнө караган жокмун. өзүбүздүн каражатка өзүбүз тарыхый кино тартып жатканыбызга ушундай кубандым. 2 жыл тартылып, монтаж бир жыл жγрдγ. Тасма көрγγчγлөрдγн кай бирине жагып, кай бирине жакпай калды, ар кандай сын-пикирлер айтылды. Кандай болгон кγндө да тарыхый фильм тартылды! Мурунку тарыхый жолубуздагы улуу инсандарды кийинки муунга мазмундуу жеткирγγ γчγн кино тартылышы керек! Мисалы тасма мага жакты.

— Актерлук ишиң «Туңгучтан» башталганбы, же ага чейин башка жакта иштедиң беле?
— Жаныш Кулмамбетов агам бир кезде «Жайсаң» деген жеке менчик театрын негиздеп, жаш артисттерди чогулткан. Ошол жерде эки жылдай иштеп калдым. Актерлук чыгармачылыгымдын башатын ачып, тγздөн-тγз мага устат болуп көп нерсени γйрөткөн — Жаныш агам. Тилекке каршы, ал театр көпкө турган жок, баягы эле каражаттын айынан кийин ар кимибиз ар кайсы жакка тарап кеттик. Мени «Туңгуч» жеке менчик театры ишке чакырып, ал жакта 5 жыл эмгектендим. Ал жерден мыкты актрисабыз Жамал Сейдакматова эжебиз, Эгемберди Чалабаев, Асылбек Өзγбеков, Каныбек Бекбатыров, Мурат Мамбетов (Компос) байкелер менен иштеп, алардан да көп нерсени γйрөнγп, чыгармачылыкта бир тепкичке жогору көтөрдγм десем болот. Кийин, 2000-жылы ушул театрга которулуп келип, γзγрлγγ эмгектенип келе жатам.
— Бакен Кыдыкееваны көрγп калдыңбы? Бала кезде баалаган актер-актрисаларың болду беле?

— Бакен эжени көрγп калдым, бирок аз гана убакыт, өмүрүнүн акыркы жылдарында гана… Бала кезде баалаган актрисам болчу. Сγймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Сабира Кγмγшалиева, Советбек Жумадылов, Даркγл Кγйγкова, Жамал Сейдакматова, Таттыбγбγ Турсунбаева, Болот Бейшеналиев — не деген таланттар эле, баарын жакшы көрчүмүн, таңданчумун, баалачумун. Дүйшөн Байдөбөтөв, Советбек Жумадыловду да устатым деп айта алам, кыйшыгымды түздөп мага көп кеңештерин беришти.
— Эмдиги жылы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы, ага даярдыгыңар кандай?

— Ооба, 2023-жылы Бакен Кыдыкеева эжебиз тирγγ болгондо 100гө чыкмак… Мааракеге карата мамлекеттик деңгээлде ар кандай иш-чаралар жγрсө керек. Бизде да ар кандай фестивалдар бар алдыда. «Арт-ордо» деген бар, ошол келип калса, ал Бакен эжебиздин 100 жылдыгына арналат. Колдон келишинче пландап, даярданып жатабыз. Ушул биздин куттуу театрыбызда залкар таланттар Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Даркγл Кγйγкова, Капар Медетбековдор иштешти да. Кыргыз Эл артисти Бакирдин Алиев өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди. Биздин театрда Темирлан Сманбеков, Кыргызбай Осмонов, Ороз Айдаров иштеген. Ороз агабыз азыр Чγй театрын көркөм жетекчиси. Улуу муундун учугун жоготпойлу деп улап келатабыз. Азыр театрда баарыбызга баш-көз болуп, кеңештерин айтып турган таланттуу, тажрыйбалуу инсандар: Кеңеш Курманалиева, Назира Мамбетова, Эгемберди Чалабаев, Турусбек Жумалиев иштейт.

 

 

— Театр жетекчилери алмашып эле жатты, канча жетекчи менен иштештиң? Кимиси кандай иштеди? Пикир келишпей калган учурлар болобу?..
— Мен ушул театрга келгени сегиз жетекчи менен иштештим. Азыркы жетекчибиз — Таалай Тургунов. Кудайга шγгγр, эч бир жетекчи менен пикир келишпестиктер болгон жок, тил табышып жакшынакай иштештик. Эми ар жетекчинин өзγнγн иш планы бар, эмгеги бар дегендей, ар бири театрга аздыр-көптүр салым кошуп кетишти.
— Сен жогоруда айткан айтылуу инсандын бардыгын «Асаба» гезитинен окуп, тааныдык эле. Анда биз студент болчубуз… «Асаба» гезити, аны негиздеген маркум Мелис Эшимканов эмнеси менен эсиңде калды?

— Коомдук, мамлекеттик ишмер, мыкты журналист болгон айтылуу Мелис Эшимканов Кыргызстанга эркин сөздγ алып келгени менен элдин эсинде калды. Ал 90-жылдары «Асаба» гезитин негиздеп, эл кууп окуй тургандай гезитке айлантты. Гезиттин максаты – окурман табуу да, туурабы? Бир дагы санын калтырбай, атγгγл гезиттин редакциясында кимдер иштейт дегенине чейин окучубуз.

Мелис байке мыкты команда чогулткан, эмне деген дөө-шаалар иштеген: Кубатбек Жусубалиев, Чоюн Өмγралиев, Шералы Назаркулов, Бакыт Орунбеков, Мамат Сабыров, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Раев, Тγгөлбай Казаков, Калык Ибраимов, Сγйγн Курманова, жаш журналисттерден Эрнис Асек уулу, Жыргалбек Касаболотов, Кубат Оторбаев, Каныбек Иманалиевдин жазгандарын окучубуз. Алар анда студент болсо керек эле…

Бийлик «Асабаны» жапканда, Мелис байке мыкты гезит «Агымды» чыгарды. Аны да баса калып окудук. Ага да мыкты команданы чогултту: Алым Токтомушев, Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке), Шайлообек Дγйшеев, Баратбай Аракеев жана башка. Ал эми жаштардан Жеңиш Эдигеев, Жылдыз Мусабекова, Аскер Сакыбаева, Абдувахаб Мониев жана башкалар… Эки гезитке тең бир тууган иниси Эрнис редактор болуп жγрдγ. Эрнисти мен студент кезимден бери, «Асаба» гезитинде иштеп жγргөндөн бери таанычумун. Мен анын, ал менин чыгармачылыгымды баалачу. Эрнис ошондо эле мыкты котормочу болчу, Кафканын чыгармаларын, дγйнөлγк жазуучулардын чыгармаларын которуп гезитке берип турчу.

Мелис байке менен Эрнис чынында эле мыкты журналисттер болчу, эки тилде жаза да билишчγ, сγйлөшчү. Азыр алардай журналисттер жокко эсе. Мелис байке менен Эрнис, эгер журналист болушпаса, мыкты жазуучу же мыкты режиссер болушмак. Экөөндө тең режиссерлук боюнча максаттары болгонун Эрнистен укканым бар. Тилекке каршы, ошол максаттарына жетпей, эрте кетип калышты…

Эрнис тирγγ болгондо дγйнөлγк котормочулардын катарына кошулмак. Аттиң, арман… Бирок, ал аз жашаганы менен саз жашады. Артына өлбөс эмгек калтырып кетти. 9 китеп которуп кеткенин сенден уктум, Назира, анда дагы мыкты жазуучулардын чыгармаларын которуп кетиптир. Ушуга Мелис байкеге окшогон азамат демөөрчγ чыгып калаар. Назира, сен жаныңдан артык көргөн жолдошуңдун артында калган опол тоодой эмгегин чыгарууга далалат жасап, чуркап жγрөсγң . Сага Кудай ден соолук берсин!

Жакын арада эң кγчтγγ котормосу Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы чыгып калаар. Аны окурмандар да, мен да кγтγп жатам. Ийгилик каалайм!

«Периштеңди» окуганда эл ыйлап…

Руслан көп кырдуу таланттуу инсан экенин, жакшы ырдарын жолдошумдан укканым бар. Ырды көркөм окуу жагынан да мыкты экен. Былтыр (2021-жылдын 25-апрелинде) жолдошум Эрнистин эскерүү кечеси Филармонияда өткөн. Ошондо Руслан байымдын «Периштең» аттуу ырын тандап, экөөбүздүн эки жакта калган абалыбызды сахнада чагылдырып, баарыбызды ыйлаткан…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.