Ленин райондук сотунун судьясы дипломду мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Кезекте дагы кимдер?

Ленин райондук сотунун судьясы дипломду мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Кезекте дагы кимдер?

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы, азырынча аты-жөнү ачыкталбаган Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шектелип жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бул факт 4-июлда аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айтымында, шек жараткан кызматтагы адам 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп эле ушул окуу жайдын юридикалык факультетине тапшырып, 1-курсуна окууга кирген.

Бул далилдер боюнча азырынча судья өзү же Жогорку сот комментарий бере элек.

Угушубузча, атайын кызмат ушул тапта Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын дипломдору жана жарандыгы боюнча март айында баштаган текшерүүсүнүн аягына чыгып, азыр бардык тармактардагы мамлекеттик кызматтагылардын «эмгек жолун» текшерип жатышыптыр. Бул текшерүүлөр президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча кылынууда.

Айтмакчы, окуу жайлардын кайсынысы жасалма дипломдорду көп бериши мүмкүн деген алгачкы «рейтинг» УКМКнын март ортосундагы тизмесинен улам жаралган эле. Анда 28 диплому жасалма болушу мүмкүн деген шек менен жогоруда аталган улуттук университет алдыда болчу. Кийинки орунда — 11 диплом менен К.Скрябин атындагы улуттук агрардык университети, ал эми Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз мамлекеттик физикалык маданият жана спорт академиясы 5тен диплому шек жаратып, 3-4-орунду ээлешкен. Дубандардагы ЖОЖдор да текшерилип, аймактардан 4 диплому жасалма болушу мүмкүн делип алдыга Жалал-Абад мамлекеттик университети чыккан…

Балким «жасалма диплом рейтинги» дагы жаңыргандыр… билишибизче, шек жаралган окуу жайларга «текшергиле» деген көрсөтмө түшкөндө, тийиштүү бөлүмдөр документтердин баарын көтөрүп чыгып кымгуут түшүп калышкан… Бирок, айрым маалыматтар боюнча, «шек жараткан» дипломдордун баары эле жасалма болуп чыккан эмес. Мисалы, К.Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинде күмөндүү 11 дипломдон 1-2си гана мандемдүү болуп чыккан дейт. Угушубузча, айрым так эместиктер кээде жогорку билим алган жарандардын, кээде документтерди кабыл алууга жооптуу адамдардын өздүк маалыматтарды толтургандан кеткен. Мисалы, аты-жөнүн жазууда бир тамгасы алмашылып жазылып же түшүп калып, дипломдор ошол маалыматтар боюнча жазылып берилип, «жасалма» деген түшүнбөстүктөрдү жараткан.

Анткен менен ошол жасалма диплом айынан чыр-чатактар да чыгып, айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууп, жасалма диплом алганы билинип, айып төккөндөр да чыгып, мугалим өмүрү кыйылган кайгылуу окуя болгонун да билебиз… Өкүнүчтүүсү ушунда — Кыргызстандан мейли диплом, мейли башка документ болсун, оңой сатып алса болот дегенди сырттан келген студенттер жана студент эмес жарандар айтып жүрүшкөнү мурдатан эле маалым…

Андыктан мыйзам үстөмдүгү жана пенделик напсибизде дале алешемдиктер толтура…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.