«Дордойдогу» өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды…

«Дордойдогу» өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды…

«Дордой» базарынан чыккан 5-июлдагы өрт 42 контейнер, 9 күркөгө жайылганын 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка караганда, «кытай катары» аталган катардагы кийим-кече сатылчу 42 контейнер, шаурма, суусундук сатуучу тез тамактануучу тогуз күркө күйгөн. Өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 11де келип түшкөн. Алгач айтылган жерге өрт өчүрүүчү бир гана машина келип, кийин кошумча күч чакыртылып, 60 куткаруучудан турган жети бөлүм өрттү 4 сааттай алышып жатып өчүрүшкөн. Базар иши таң эрте башталып, өрт 11де чыгып, эл көп болгондуктан, эл тынчтыгы, коопсуздугу үчүн шаар милициясы да иш алып барган. 

Өрт чулгаган болжолдуу аянт 1000 чарчы метрди түзүп, анын 500ү эки кабаттуу контейнерлер катары экен. Эки адам түтүнгө уугуп, анын бири — жаш кыз «күйгөн заттарга ууккан» деген диагноз менен шаарыбыздын №4 ооруканасына жеткирилген. Экинчи жабырлануучу жигитке ооруканасыз эле жеринде жардам көрсөтүлгөн. Айтымында, бул жабырлануучулар — өрт жалмаган контейнерлердин бирин иштеткендер, өрт каптаганда, товарларынын кайсы бирин сактап калалы деп далбастагандардын катарында өз контейлерине чуркап кирип жатып түтүнгө уугуп калышкан.

Байкап-билгендер айтымында, жалын тез тамактануучу жайлар тараптан башталган. Аларга жанаша турган контейнерлердин баары кийим саткандыктан, өрт тез эле күчөп жайылып кеткен. Өрт өчүргүчтөр 8 мүнөттө жетип келишкен менен, өрт көз ачып-жумганча кыйла жерди жалмап жиберген. Өрттүн чыгышына эмне себепчи болгон, ал такталып жатыптыр. Балким электр тогу зымдарынын учу биригип калган, ток өткөргүчтөр жараксыз абалга келген, коммуникация талаптагыдай жөнгө салынбаган, а балким тиричилик техникалары туура эмес пайдаланылган… — өрт коопсуздугу, эмгек коопсуздугу, иш жайларынын коопсуздугу эрежелерин сактай бербеген бизде адатта ушундай — учкундан жалын тутанып кетет да, анан отурабыз кейип-кепчип, баарынан кол жууп… 

Анткен менен айрым ишкерлер базар администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн, эми тийиштүү кенемте төлөнүп берилиши керектигин айтышууда… 

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.