Котормочу, журналист, акын Эрнис АСЕК уулунун ырлары түрк тилине которулду!

Котормочу, журналист, акын Эрнис АСЕК уулунун ырлары түрк тилине которулду!

Султан РАЕВ: «Китептердин бет ачарын Түркияда, Кыргызстанда өткөрөбүз»

Мындай жакшы кабарды бүгүн, 6-июлда, Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «Кыргыз акын, жазуучулары түрк тилинде» деген аталыш менен мындай деп жазды:

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Евразия жазуучулар биримдиги кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилинде чыгарды. Бул долбоордун алкагында үч китеп жарык көрдү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү”, таланттуу акын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына арналган “Жолон Мамытов” деген китеп, бу китепте акындын чыгармачылыгы, өмүр баяны кеңири чагылдырылган. Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы менен түрк окурмандары алгач ирет таанышып олтурат.

Акыркы отуз жыл аралыгында биринчи жолу кыргыз акындарынын, өзгөчө жаш акындардын поэзия антологиясын чыгардык. “Кыргыз поэзия антология” китебине 53 акындын чыгармалары кыргыз-түрк тилинде жарык көрдү. Бул китепте айрым аксакал акындарыбыздан тартып, көзү өтүп кеткен жаш таланттуу акындар Эрнис АСЕК уулу, Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, Зайырбек АЖЫМАТОВ, ошондой эле эң жаш акын Максат Жангазиев, Афина Бакирова, Мелис Маматжановдун поэзиясына чейин ырлар бар. Буйруса, бул китептердин бет ачарын Түркияда, Кыргызстанда өткөрөбүз. Бул саамалык кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде таанытуунун ийги кадамдары!

Эки жыл мурда…

Бул жакшы саамалыкты уккандан кийин, эки жыл мурунку нерсени эстедим. «Гений эле гений…» деп кайда барса да ЭРНИСИМди оозунан түшүрбөй, чыгармачылыгын, адамгерчилигин баса белгилеп, жаш муундарга айтып, мени менен кошо арман кылып келаткан Жазуучулар союзунун төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбеков эки жыл мурун, 2020-жылдын 23-декабрында телефон чалган. Анда ал: «Назира, гений күйөөңдүн он чакты ырын, өмүр баянын, сүрөтүн менин почтама тез сала калчы! Кудай буйруса, Эрнистин ырлары түрк тилине которулуп, “Кыргыз поэзия антология” китебине кирет. Бол, тез!«,- деп  шаштырган. Мен дагы шашылыш төмөндөгү ырларын салган элем. Демек, Эрнисимдин дал ушул ырлары түрк тилине которулду деп ойлойм…

Мындай жакшы кабарды укканда кубанып да, арман кылып да алдым. «Алтыным Эрнисим, ушунун баарын өзүң укканыңда, көргөнүңдө эмне!?..» деп ыйлаганымды да жашырбайм… Менин максатым — Эрнисимдин опол тоодой эмгегин элге жеткирүү. Артына калтырып кеткен мурасын, түгөнгүс байлыгын (мыкты котормолорун, ырларын) кийинки муунга жеткирүү… Элге жеткирүүгө жардам кылып, жаралуу жүрөгүмө жагымдуу жаңылык тартуулаган Нурлан менен Султан байкеге терең ыраазычылык билдирем!

ВИДЕО

Асманда жана көөдөндө

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, аралап жүрө бердим мүрзөлөрдү караңгыда;

өмүр бою аралап келаткансыйм мүрзөлөрдү караңгыда;

жаштар бийлейт, кулак көзөйт музыка;

китепкана ээн калган эски шаардай;

тымтырстыкка тамчы, тамчы «чып» этет;

жаштар бийлейт;

үйүгүшкөн иттердей топ-топ болуп улан-кыздар көчөлөрдө чылым чегип, бербей келет калааны;

чакчелекей будуң-чаң;

чаң топодо кежир бала ойногон;

сасык байпак чокоюна жайылган;

күүгүмдө күмүш болбой кемпирдин бырыш жүзү;

сымаптай кармалбаган бакыт бийлеп;

тоголонуп көмөчү жомоктогу;

«пыш-шш» этип отко тийген суу куурайдай жаштар бийлейт;

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, асманда көлөкөсү пайгамбардын, көөдөндө көлөкөсү жиншайтандын…

1988-жыл

Кичине

Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,

Батпай чыгам жан-дүйнөмдүн ичине,

Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…

Айтчы неге аалам мынча кичине?..

1989-жыл

Кеңеш

Кыйналып турасың сен, түшүнөм, билемин мен, кымындай сыр билгизбей, сездирбей жүрөгүңдүн кусалыгын, жылмайып турасың сен!

Күлүк көркү ал сапырган чаң болуп, күлкү болду күкүктөнгөн күндөрүң. Жүрөгүңдүн түпкүрүндө от жанып, түйшүгүңдү билбей калды сүйгөнүң. «Коркпо, коркпо, үзбөгүнүң үмүттү» деген сөздөр токтотушпай үгүттү, айрып салды канчалаган айнааманын барагын. Коркпо, курбум, сен бир ишке жарагын:

Чачып салчы жаштыгыңды жылдыздай,

Ачып салчы терезесин жараңдын.

Эркин шамал кирет дагы бөлмөңө, Эркиндикке алып кетет сени ал. Так ошондо кыштын муздак түнүндө, көзүн аачып турган болот курган чал…

Кыйналып турасың сен, түшүнөм, билемин мен, кымындай сыр билгизбей, сездирбей жүрөгүңдүн кусалыгын, жылмайып турасың сен! Жылмайып турасың сен!

Жылмайып тура бергин!..

1990-жыл    

СЕН                          

Сен эне сүтүн ичпестен, эчки сүтүн ичип жүрүп чоңойдуң,
Сен аңтарылгыр атаңдын асты-башын көрүп жүрүп чоңойдуң.
Сен чоң энеңдин чолпон сөзүн угуп жүрүп чоңойдуң,
Сен кинодогу кейипкердин кейпин кийип жүрүп чоңойдуң.
Сен чын эле чоңойдуңбу,
Сен кышында кыйналдыңбы жөнү жок.
Сен жазында жашыдыңбы эби жок,
Сен жайында жайнадыңбы чеги жок.
Сен күзүндө күйүктүңбү теги жок,
Жок жок жок.

Канат турса кайкып эч бир уча албай,
Канат сынса учпай дагы тура албай,
Өзгөлөргө өчөштүңбү жөнү жок,
Өз дүйнөңдү өзүң такыр куралбай?

Каалгамдын сыртына нени жазып кеттиң Сен
А короомдун бурчунан нени казып кеттиң Сен
Киргизбедим капкараңгы бөлмөмө
Таарындың да, менден качып кеттиң Сен

Тизелген чүкө турат алдыңда, а колуңда сака Жок
Суу алганы бардың окшойт булакка, а колуңда чака Жок
Үйгө келсең эркелетчү апа Жок
Үйгө келсең акыл айтчу ата Жок
Айта турган сөзүң Жок
Көрө турган көзүң Жок
Өз денеңде өзүң Жок

ким күнөөлүү
кирпигиңди бирден жулуп кеткендер
кийимиңди барча-барча кескендер
кийинкиңди аргамжыдай эшкендер

күнөөлүү эмес алар
төрөлүүнүн төрү болот ар качан
а өмүрдүн өртү болот ар качан
а өлүмдүн өзөгү жок эч качан

ким айтты аны сага
таңдай болуп аткандар
күндөй болуп баткандар
көрдү казып жаткандар

шылдыраган булак ким Сен
шыбыр уккан кулак ким Сен
так секирген улак ким Сен
ташыркап бүткөн туяк ким Сен

чатырыңан «чып» дей түшкөн тамчы Жок
балтырыңа «чак» дей түшкөн камчы Жок
Сенде Сенде

баары бар да
баары жок
жок жок жок.

1991-жыл

Сагындым

Тирүү туруп, өлүк болдум канча ирет?

А жүрөгүм тирилбестей сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өмүр мага берчи» деп.

 

Өлүк туруп, тирүү болдум канча ирет?

А жүрөгүм түбөлүктөй сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өлүм мага берчи» деп.

 

Билбейм не деп мен кудайга жалындым.

Билбейм кандай… өрт… дүйнөгө кабылдым.

Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн

Өмүр сени, өлүм сени САГЫНДЫМ.

1991-жыл

 Жаш сыгат

Качат бүгүн, качат бардык кыймылдар,

Убакыт да, өмүр, кыял, ой дагы…

Терезеден шыкаалаган түн калып,

Боштук ээлейт жан-дүйнөсүн кайдагы.

 

Сырларынын борпоң күлүн сапырып,

Боштук болуп жаштыгынын жарчысы,

А жүрөгүн тилип келет канатып,

Жалгыздыктын алтын саптуу камчысы.

 

Көңдөй башты шылып түштү эскерүү,

Көкүрөгү карышкырдай улуду…

Бул азаптан кутулуунун бир жолу —

Дүлөй, дудук, сокур болуп кубулуу.

 

Кетүү керек «кош» деп жазган бир сөздүн

Аягына коюлбаган илептей.

Калуу керек бир да пенде албаган

Чаң алдында унутулган китептей.

 

«Кетүү керек», «калуу керек» деп келип,

Жалган дүйнө жаздыгына баш тыгат…

Какыраган сайдай дилдин бир ташын

Алып колго, акыркы күч жаш сыгат…

1992-жыл

Периштең

Бүгүн үйдө жалгыз калдың.

Үйдү дагы жыйнадың.

Керебетке боюң таштап,

Кереметтүү кыйналдың.

 

Жаш кылгырды көздөрүңдө,

Жазгың келди күндөлүк.

Алдың калем, дептериңди,

Ойлор келди бүдөмүк.

 

Жазалбадың… Ачтың дагы

Эскерүүнүн сандыгын.

Окуучусун окудуң да,

Карап чыктың бардыгын.

 

Тийди колго ушул дептер.

Тирилишти өткөндөр.

Жаштык ырын ырдагандар,

жаштык ыйын төккөндөр.

 

Турду баары көз алдыңда.

Үшкүрүккө айландың.

«Жарыгым» деп жалынышкан

Ырларыма байландың.

 

Бүгүн араң түшүндүңбү

Сырты жука сырымды?

Окуп кирдиң көзүм барда

Түшүнбөгөн ырымды.

 

Көзүм барда… Жаштыгым, ай!

Жалындап бир сүйгөнмүн.

Жылмайышың жан жыргатып,

Жарыгыңа күйгөнмүн.

 

Баары башка… Бирок дале

Жарык болуп күйөсүң.

Жатсам дале көрдө чирип,

Дале сени сүйөмүн.

 

Дале күтүп, дале эңсеп,

Каалап бакыт, жакшылык,

Кай тарапта калды экен

Кайран гана жашчылык?..

 

Мен жаныңда турам азыр,

Тиктеп коюп көзүңдү.

Угуп деги жатасыңбы

Угулбаган сөзүмдү?..

 

Бир өзүңө билдирбестен,

Сезимимди билгизем,

Манжалардын учу менен

Чачтарыңа тийгизем.

 

Жерге төшөп кирпигиңди,

Суулабачы көзүңдү.

Мен жылмайып карап турам,

Карап койчу өзүмдү.

 

«Өлгөнмүн» деп айталбасмын.

Өзүң менен биргемин.

Жатсаң жатып, турсаң турам,

Денеси жок дилдемин.

 

Кечирип кой келгенимди,

Айтчы эми нетейин?..

Кыйнап койдум жүрөгүңдү,

Кой, болдучу, кетейин.

 

«Кайыр кошко» тилим барбайт,

«Келбейм эми» дей албайм.

Ал анткени, бир себеби

Махабатты жеңе албайм.

 

Колдон келсе, колдоп сени,

Кошо жүрүү парызым.

Аткарууга жетишпеген

Алдыңдагы карызым.

 

Таазим этип, назик өбөм

Келбетиңен келишкен. —

Деп бүтүрөт сөз аягын

Көрүнбөгөн периштең…

1992-жыл

Жаңырык

Жазылды саптар. Жаңырды.

Жаңырык дүйнө ээлеген.

Жүйөлүү маңыз издетип,

Жүрөктү турмуш мээлеген.

 

Түйүлгөн муштум. Түйшүк бар.

Түгөйсүз калган жан-дилдер.

Жердеги бүткүл адамзат —

Жетимдер менен жесирлер.

 

Корунат, коркот, умсунат,

Төшөккө жатып жаш сыгат.

Кабагын түйөт, карсылдайт,

Кармаган жерден кан чыгат.

 

Айланган дүйнө — айлампа,

Сорулат, сорот, токтолот.

Закымдап учкан мезгилди

Келалбай келет ноктолоп.

 

Туралбай жатып бешиктен

Турмушка турмуш мат болгон.

Өзүнө өзү тап берип,

Өзөктөн чыккан жат болгон.

 

Баарысы эми жылаңач,

Баарысы — кышкы дарактар.

Жөө туман каптап дүйнөнү,

Көрүнбөйт барчу тараптар.

 

Тагдырлар болуп таштанды,

Тартылган чала чылымдай.

«Чарк» уруп учкан замана

Чачырап кеткен кылымдай.

 

Жазылат саптар. Жаңырат.

Жаңырык дүйнө ээлеген.

Издетип маңыз турмуштан,

Жүрөктүн тушун мээлеген.

1994-жыл

Арал

Унутулат көз ирмемге баарысы:

Учур чак да, келечек да, өткөн да.

Жаштык. Жалын. Сүйүү. Мезгил. Кусалык.

Жай. Жалгыздык. Кыш. Көңдөйлүк. Көктөм да.

 

Шыбырашпайт сыр чечишип бариктер,

Төкпөйт нөшөр. Сокпойт күздүн шамалы.

Көк мухиттей көөдөнүңдөн көрүнөт

Көз ирмемдик Эркиндиктин аралы.

 

1994-жыл

Жин кылымда

Кайсы кез, кайсы тарап, кайсы мезгил?

Кайран мээ кан кылымда эңги-деңги —

Баш, жүрөк, тулку боюң, эс-акылды

Баарысын бар турмушка бербедиңби!

 

Көз ирмем кудай көзүн көргөнсүңбү?

Көөдөндү тең экиге бөлгөнсүңбү?

Айнектей быт-чыт болуп миң бөлүккө

Акыйкат алдында сен өлгөнсүңбү?

 

Жылдыздуу түндү дагы жамыналбай,

Жарыктык күндү көздөй камыналбай,

Күйүттүү тамекини түтөтөсүң,

Күнүмдүк көроокатка табыналбай.

 

Торлорун жайып таштап миң кылымга,

Токтотпойт эс-акылды бир тынымга.

Жийиркенип бул турмуштан өткүчөктү,

Жинигип кетсең кана жин кылымда!

1995-жыл

… кулаар 

Кайсыл жол, кайсыл чыйыр, кайсы тарап?
Калдайган асман дагы келет кулап…
«Атакем кандай эле? Мындай беле?..» —
Ай, аттиң, уулум дагы турар сурап.

Сөзүм жок, сөздүн баары жалган белем,
Сөөмөйдөй аруу тилек калган белем.
Жараткан жетим кылып бул дүйнөнү,
Жашоону жесир кылып салган белем.

Кийим да өңү өчүп, эскирет дейт,
Эчки да ажал келсе, эчкирет дейт.
Бүтүндү бүлүндүргөн мыйзам ушул,
Таң атса тагдыр өкчөп, кеч кирет дейт.

Жараткан чачылганды жыйнап туру,
Жанчылган жан-дилимди кыйнап туру.
Моюнга салып жатып сыйыртмакты
Көзүмдө Көкө Теңир ыйлап туру.

Көл толкуур, жамгыр төгөөр, шамал ураар,
Көөдөндө жолу туюк амал тураар.
Сырларым сыртты көздөй аңтарылып,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар,
Ырларым бөлүп турган дубал кулаар…

2008-жыл

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.