Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мыйзамсыз чыгарылган иште адамдын тагдыры тургандыгын ар бир судья унутпашы керек!»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Мыйзамсыз чыгарылган иште адамдын тагдыры тургандыгын ар бир судья унутпашы керек!»

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун иш сапары бүгүн, 6-июлда, Чүй облусунда уланды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Замирбек Курамаевич Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук сотторунда, Чүй облустук административдик соту жана Чүй облустук сотунда болуп, жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугуп, сот реформасынын алкагында иштен сапатка өтүү мезгили келгендигин эскертип, дубандагы айрым соттор тарабынан иштерди кароодо кеткен кемчиликтерге кенен токтолуп өткөн. 

Жогорку соттун жалпылоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык тараптардын жарашуусуна же жабырлануучунун жеке-ачык айыптоодон баш тарткандыгына байланыштуу ишти кыскартуу тууралуу чечим чыгарууда соттор тарабынан 2017-жылкы редакциядагы КР Жазык-Процессуалдык кодексинин 288-беренесинин талаптары көп бузулган. Тактап айтканда, аталган беренеде ишти соттук териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, соттор жазык иш боюнча чечимди жабырлануучу же анын өкүлүнүн катышуусуз, айрым учурларда жабырлануучунун ишти кыскартууга макулдугун албастан туруп чечим чыгарышкан. Айрым судьялар жазык иштерди кароодо, жазык мыйзамдарын бузуу менен айыпталуучунун аракетин өзгөчө оор кылмыштардан анча оор эмес кылмыштарга кайрадан квалификациялап, кылмыш жашы жете электерге карата жасалгандыгына карабастан айыпталуучуну жазадан бошотуп жиберишкен.

Бул жогоруда айтылган нерселер сот системасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн билинип калган, коомчулукта кызуу талкууга алынган аз эле бөлүгү. Билинбей жасалып жаткан жат көрүнүштөр кыйла эсе көп экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Соттор тарабынан талаштарды көз карандысыз жана акыйкат чечилүүсү республиканын инвестициялык жагымдуулугун жана калктын ишкердик активдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу шарттардын бири десем жаңылышпайм”, — деп Замирбек Базарбеков биздин экономикабызга жагымдуу өбөлгө түзүүгө сот системасынын адилеттүү иштеши канчалык зарылдыгын айткан.

Эми төрага белгилеген кемчиликтер ичинде —  эл тарабынан көп айтылып жүргөн мыйзам бузуулар, укуктук талаш маселелер бар экен… Бирок Замирбек Курамаевич: «…айтылган нерселер сот системасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн билинип калган, коомчулукта кызуу талкууга алынган аз эле бөлүгү. Билинбей жасалып жаткан жат көрүнүштөр кыйла эсе көп экенин баарыбыз жакшы билебиз» дептир. Судьялардан ар бир ишти өз мөөнөттөрүнөн кечиктирбей мыйзам чегинде кароону, айрыкча иштин сапатына көңүл бурууну тапшырыптыр… балким, сот системасындагы жакшырууну эми байкайт чыгарбыз… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.