ВИДЕО – Төрт жигиттин курч суроосу… Оторбаев көтөргөн олуттуу маселе… Жапаровдун орусча отчету…

ВИДЕО – Төрт жигиттин курч суроосу… Оторбаев көтөргөн олуттуу маселе… Жапаровдун орусча отчету…

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров медиа тармак өкүлдөрү менен 5-июлда «Дасмия» ресторанында жолугуп, маалымат жыйынын өткөргөнү эки күндөн бери социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Эмнелер айтылып, эмнелер сөз болгонунан сый тамагы көбүрөөк айтылды окшойт. Ал жерге барып, бардык нерсени өзүбүз көрүп, угуп келгенден кийин болгонун болгондой жазууну туура көрдүк. Себеби, сиздерге да кызык да, туурабы?..

Кечиккен жолугушуу… Экрандагы каталар… Байсаловдун «баяны»…

Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү «Акылбек Жапаровго ачык-айкын суроо берип, жооп ала аласыздар» деп колдон келишинче журналист, блогер, социалдык тармактагы активисттер, акын, жазуучу, тарыхчы, саясий серепчилер — бардыгын чакырууга аракет кылышыптыр. Кечки саат 17:00го дегенинен, кечикпейли деп таксини шаштырып убагында бардык. Мендей эле такси менен жеткендер көп экен, бирок,  Өкмөт башчыбыз бир жарым сааттай күттүрүп койду. «Шашып эмнеге такси менен келдик?» деп шыпшынып да алдык бир сыйра… Бирок журналист журтчулугу бири-бирибизди зериктирген жокпуз… Жөн-жай айтылбаган “кабардын” баары ошондой маалда чыгат да, айтор, аны эстедик, муну эстедик…

Маңдайыбыздагы чоң экранда бакырайып «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. У. Жапаровдун катышуусунда медиа тармактын өкүлдөрү менен жолугушуу» деп жазылган сүйлөмдөн бир топ ката да таап алдык. Алдыбызда экинчи катарда отурган «Азаттык» радиосунун баяндамачысы Бакыт Орунбеков менен эркин журналист Аскер Сакыбаева экөө да ал катаны талдап жатышты. «Катышуусунда» дегени ашыкча, «жолугушуусу” деп эле аякташы керек болчу! Эмнеге кызматтардын бардыгы чоң тамга менен жазылган? Ү эмес, У болуп калган?» деп жатышып, өкмөт башчынын басма сөз кызматындагылардын бирин чакырып, каталарды айтышты окшойт, дароо оңдоп жиберчүдөй башын ийкеп эле жатты… 

Өзүбүзгө өзүбүз эрмек таап, улам эшик карап жаткан бизди алаксытайын дедиби, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары (айтып жатып тилиң сынат) Эдил Байсалов микрофонго чыкканынан, күткөн кишибиз келди го десек, дагы жарым сааттан кийин деди… Ал жарым саатты Эдил Байсалов “эркин микрофон” кылып пайдаланып кенен сүйлөп алды. Аны айтканы боюнча, Акылбек Жапаровдон журналисттер, блогерлер, коомдук активисттер интервью алсак деп көп суранышат, ошондуктан “дүңүнөн” интервью алышсын деп баарыбызды бир чакырышыптыр. «Ачык-айкын суроолорду берип, жооп ала аласыздар. Бул жерге бийликти сындап жазып жаткан блогерлер дагы чакырылды. Мисалы Атай Бейшенбек…» дегенде,  баарыбыз бир жылмайып алдык. Себеби, залда Атай бар болчу… Анан азыркы өкмөт мурда болуп көрбөгөндөй иштеп, өлкө өнүгүп жатыптыр… «Жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашыралы» деп, мамлекетте болуп жаткан жаман окуяларды жазгандан оолак болууга чакырды. «Мына, жакында эле 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча оюмду айтып коем деп катуу сынга кабылдым» деп капасын да айта кетти. Ар кандай пикирин Эдил мырза адатта Твиттерге гана жазгандыктан, 13 жаштагы кызды милициялар зордуктап келгени тууралуу маалымат чыкканда, ал окуя боюнча да Твиттерге: «Муну жазып, сыздоону андан ары жайылтуунун эмне кереги бар?» дей коюп, интернет журтчулугунан катуу кагуу жеген эле… Анын логикасына таянсак, ушундай жаман окуяларды жаза коюп чет элдик туристтерди качырып жатыптырбыз… Андан нары өкмөт маалыматтык саясатты да көзөмөлдөрүн, бизде жазылып жаткандарды башка өлкөлөргө салыштырып: «Бизде, Кыргызстанда эле жаман маалыматтар биринчи бетке бакырайып чыгарылып, коомчулуктун маанайын жаман жакка буруп коюшууда. Элдин маанайын жакшы жакка буруу үчүн башкы редакторлордун жоопкерчилиги керек! Алар карап, талдашы керек! Мен бийликти мактагыла дегеним жок, болгону маалымат саясатын айтып атам. Европада деле криминалдык маалыматтар чыгат, бирок, алар эң акыркы беттерге, майда тамгалар менен чыгарылат. Сынды айрымдар аша чаап жазып, жакшыны көрбөй жаткан акылы чолок, тоок мээлер да бар» деп ачууланып да алды… 

Чалынып,.. жалаң кыргыздарга орусча сүйлөп…

Эдил мырзанын айтканын уккандар да, укпагандар да болду… Өкмөт башчыны күткөндөн тажагандар сүрөткө түшүп, «Куданы күтүп жаткандай эле болдук го…» деп да күлдүк. «Начальство не опаздываетначальство задерживается» деп сабыр кармап жатсак, «келди» деп калышты… Чын эле келди, алдыда отурган аксакалдарга учурашып, папкасын көтөрүп трибунага чыгып баратып, сүрдөдүбү, не болду кайдан, чалынып да кетти… Ошентип, жалпыбыз менен кыргызча амандашкан Акылбек Жапаров Кыргызстандагы өнүгүү боюнча даярдалган слайдды, өкмөт кандай иштерди жасап жатканын, дагы кандай иштер жасаларын орус тилинде айтып берди. Залда зарыгып күтүп, эми кулак түрүп отургандардын баары — нукура кыргыздар эле болчубуз. Олда кагылайын өкмөттүн кайран эне тилибизге мамилеси өзгөрбөптүр…

“Балык башынан…” дегендей, мамлекеттик кызматкерлерди кыргызчага кыйнап окутуп не кыласыңар дейсиң да анан… Кыскасы, Акылбек Υсөнбековичтин орусча кыска докладында мындай деди: “Натыйжалуу фискалдык саясаттын аркасында 2021-жылдагы консолидацияланган бюджет (топтомо бюджет — ред.) 312 млрд сомго жетип, өткөн жылдагыга салыштырмалуу 64,5 млрд сомго көп болду. Бул жылы биз бажы жана салык кызматтары үчүн белгиленген планды жалпы 100 млрд сомго жогорулаттык. Бизге өжөрлөнүп иштөө зарыл, себеп дегенде 2023-жылы тышкы карызды төлөөнүн максималдуу учуру келатат. Консолидацияланга бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен 2022-жылдын 1-апрелинен мугалимдердин, медицина жана социалдык кызматкерлердин, маданият адамдарынын айлыгын көтөрүп, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулата алдык. Белгилеп коёюн, көзөмөл-касса аппараттарын киргизүү боюнча иштер улантылат. Жакынкы күндөрдө көзөмөл-кассасын киргизгенге каршы чыгып жаткан ишкерлерден жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ мүчөлөрү менен жолугушам. Тил табышабыз деген үмүттөмүн”.

10 пункттан турган, жалгыз кыргыз тилинде даярдалган каатчылыкка каршы план боюнча жалпы сарпталуучу каражат 126 миллионду түзүптүр… Калган макро-микроэкономика, салык, бюджет, туризм, ККМ, саясат, Кумтөр жана өндүрүштөгү кыргыз индустриясынын киреше-чыгашасы боюнча орус тилинде баяндап берди.

Акылбек Υсөнбекович жалаң статистика, эсеп-кысап, экономиканы эле айтып отурбай, сөз арасында “лирикалык чегинүүлөрдү” жасап, кызматсыз калганда белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдой багбанчылык менен алектенгенин, эрте 18 жашында эле үйлөнүп алганын, бийлик алмашканда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экономиканы көтөрүп берүүнү суранып, кызмат сунушташканын, кызматка кайтып келгенин… Айыл чарба министрлигинин иши боюнча айтып жатып, бир кезде койго паспорт берүү маселесин көтөргөндө коомчулук түшүнбөй катуу сынга кабылган таарынычын да айтып, «Паспорт албай калган койлор мага учурашпай калды» деп тамашага да салып баарыбызды күлдүрдү…

«Калашникованын кыргыз тилин билбегенинде эмес, анын иш билгилигинде…»

Анан, ич ара абдан талкуулашканбы, баягы Эдил Байсалов айтканды кайталап, “жаман кабарды, терс окуяларды жалаяктай жазып”, инвестор, туристтерди качырып жатасыңар кыязда нааразылыгын айтты… Туризм демекчи, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов: «Эмне үчүн сиз дагы деле кыргыз тилин билбейсиз? Жок дегенде кандайдыр бир жол менен үйрөнүүгө аракет кылып жатканыңызды билдириңиз. Ушундай кызматта туруп мамлекеттик тилди билбегенден уялуу керек. Биз эл өкүлдөрү катары муну сизге айтышыбыз керек. Бул сизге минус» деп сынга алган Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникованы Акылбек Жапаров аябай мактады. «Жакшы иштеп жатат, өз кесибин жакшы билет, экономикага чоң салым кошуп жатат. Кеп анын кыргыз тилин билбегенинде эмес, анын иш билгилигинде… Аны мен өзүм кызматка алып келгем. Анан аны депутаттар кыргыз тилин билбегени боюнча аябай эле жарга такашты. Ал кыргыз тилин жакшы эле билет. Мен эс алуучу жерге барганда жолугуп калганда кыргызча эле сүйлөшкөм», — деп, Калашникованын Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү боюнча омоктуу ойлорун, иш билгилигин баса белгилеп, таламын катуу талашты. Бирок, биз билгенден, ал парламенттик жыйында Елена Калашникова кыргыз тилин зарылчылык, муктаждык жаралса үйрөнөм дегенсиди эле… Андыктан Акылбек мырза “кыргызча эле сүйлөшкөм, кыргыз тилин жакшы билет» дебей, “кыргызчаны үйрөн дедик, үйрөнүп жатат” десе, чындыкка жакыныраак болмок…

Узун кезек… Курч суроолор…

Акыры кезек суроо-жоопко келип, эки микрофон коюлду. Экинчи микрофонго туштап Элнура Алканова жакын отуруп алган экен, суроо-жоопту укканда эле, чапчаңдык кылып биринчи тура калды. Өзүн «коомдук ишмер» деп тааныштырып, сунуш да айтып, суроолорун кенен бергенге да жетишти. Анын артына тизилип турган, бийликтин ката-кемчилигин сындап айтып-жазып калчу эркин журналист, блогерлер (Семетей Талас уулу, Атай Бейшенбек, Тынчтык Алтымышев жана башкалар) убакыт тардыгына байланыштуу суроо берүүдө чектелип калышты. Семетей Талас уулу, Атай Бейшенбек, Тынчтык Алтымышев — ушул үч жигиттин суроолорун күтүп жаттык эле, баягы Эдил Байсалов оозанган Атай салык, соцфонддун отчету, Кумтөр келишими, Бажыдагы контрабанданын «крышасы» боюнча суроолорду берди. «6 айда Салык жана төлөмдөрдү 73 млрд 611 млн сомго чогултуп, планды 101,8%га аткардык деп маалымат бердиңер. Мындай отчет менен жыргап кетет элек да» деп, Бажыдагы контрабанданын артында ким турарын сурады эле, Акылбек Жапаров алгач анын кесибине кызыкты, Атай да чаргытып айтпай койду эле, Акылбек Υсөнбекович экономиканы кимиңер канчалык билмек элеңер дедиби, айтор: “Кумтөрдүн» келишимин азыр айта албайм. Бажыдагы контрабанданы крыша кылган адамдын азыр аты жок… Топоз кайтарган топоз кайтарсын, тоок кайтарган тоок кайтарсын… Сен жашсың. Кел мага, экономика боюнча сабактарым бар, үйрөтөм», — деп жооп узатты… (Топоз же тоок кайтарбай, жаштарга кошулуп биз деле сабактарына баралы деп ойлонуп жатабыз эми…) 

Кубат Оторбаев олуттуу маселе көтөрүп, ИИМдин шалаакылыгын айтты…

«Азаттык» радиосунун баяндамачысы Кубат Оторбаев өкмөт башчы орун басары Эдил Байсалов, анан өкмөт башчы өзү «өлкөдөгү жаман окуяларды жазып, туристтерди, инвесторлорду качырып жатасыңар» дегендерин эстетип, “Андайларды жазбай койсок, баңгилик, аңгилик, кыз-келинди зордуктоолор ого бетер күчөп кетпейби. Мына, жакында эле үрөйдү учурган окуя болду. 13 жаштагы мектеп окуучусун милиция кызматкерлери коркутуп зордуктап келишиптир. Ушул окуяга Ички иштер министрлигинин жетекчиси Улан Ниязбеков чара көргөн жок. Андыктан ал отставкага кетиши керек болчу. Дегеле ИИМде реформа жок. Жетекчиси боюнча оюңуз кандай?» деген суроону узатты. Акылбек Жапаров ага министрдин отставкасы тууралуу талаптарга жооп бербестигин айтып, «зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөт. Эми милициялар арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек” деп жооп берди.

Албетте, кечиримсиз болушу керек дегендик, алмончоктой эселек кыздын тагдырын талкалаган ал айбандар, соңку учурда “оорулуу экен, андай экен, мындай экен” деген мандемдүү справка алып соттон кутулганга аракет кылып жатышканы айтылып жаткандыктан, “мыйзам чегинде катаал жазаларын алат” деп так кесе айтылышы керек. Бул ишти президент да, өкмөт башчы да көзөмөлгө алып, коомчулукка мыйзам үстөмдүгү иштеп жатканын, өздөрү “өнүгүп жатат” деп ынандырып жаткан өлкөбүздө ар бирибиздин балдар, кыздарыбыз кордук көрбөй, коопсуз жашоодо жашарын далилдеп коюшса эң туура болмок…

Семетей менен Тынчтык элдин суроолорун беришти…

Эркин журналист Семетей Талас уулу Бажыкана, ГЭС, энергетика жаатындагы коррупция, санариптештирүүдөгү мүчүлүштүктөр, мамлекетке тамекидеги акциздик маркадагы салыктан түшкөн 14 миллиарддын чоо-жайын, ал акча мамлекет казынасына эмнеге түшпөй жатканын сурады эле, Акылбек Жапаров анда деле тамекинин акциз салыгы боюнча эсеп-чоту бардыгын, бирок 14 миллиард эмес, 10 миллиард сомдой салык топтолорун, тамеки тармагындагы коррупция боюнча тамеки саткан компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ошондой эле, бажыканадагы коррупцияны жоюу боюнча да сүйлөшүүлөр башталганын, тийиштүү каршы чараларды көрөрүн, санариптештирүүдө мүчүлүштүктөр бар экенин, Кыргызстанга күчтүү сервердик база жетишпестигин, жакын арада эки ири дата-сервис базасы орнотуларын жана Камчыбек Ташиев менен биргеликте Алтын кендериндеги коррупцияга каршы катуу күрөш башташканын узун кеп кылып түшүндүрүп берди… 

ВИДЕО

Семетейден кийин эркин журналист Тынчтык Алтымышов ачылышына эл каршы болуп жаткан «Жетим Тоо» кенин казуу жана аны иштетүүгө каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун камакта отурганын айтып, «Жетим-Тоону иштетүү демилгеси 2000-жылдардан бери көтөрүлүп келатат. Аны иштетүүдө кезинде жергиликтүү жашоочулар каршы чыккан. Жаштар «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзүп, ага жетекчи кылып жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун шайлашкан. Аны «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деген негиз менен былтыр (2021-жылы 15-мартта — ред.) камап салдыңар. Ошондон бери ал камакта жатат, өзүңүздүн эле иниңиз, кочкорлук жигит. Канча деген коррупционерлерди камап, кайра үй камагына чыгарып жибердиңер. Тилекматты деле бошотуп койгула да» деп суранды эле, өкмөт башчы: «Бардык эле кочкорлук инилеримди аты-жөнүнөн биле бербейм да, мага фамилиясын берип койсоңуздар. Ал эми «Жетим Тоо» кени иштетилет», — деди. 

Эми, Жетим-Тоо демекчи, ушул маалымат жыйынына чейин, 4-июлда Акылбек Жапаров президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп жаңы дайындалган Алтынбек Эргешовду жамаатка тааныштырганы барганда аймактагы кендер иштетилерин айткан. Дегеле өкмөт, кендерибизди казуу боюнча дүйнөлүк рынокто суроо-талаптар жогору болуп жатат, Кыргызстандын тышкы карызынын эң чоң көлөмүн төлөй турган учур келди, экономиканы көтөрүшүбүз керек ж.б. у.с. себептер менен түшүндүрүп келет. Геоэкологиялык коопсуздук боюнча окумуштуулар, адистер, жарандар кен казуу иштеринде мөңгүлөрдү, экосистеманы сактоо чаралары көрүлбөсө, кесепеттери оор деп эскертип жатышат… Элдин тынчсыздануусу негизи темирдин запасы мол делген Жетим-Тоону “тышкы карыздардан кутулуш үчүн биздин бийлик бөтөн мамлекетке берет экен” деген күбүр-шыбыр кептен улам жаралган. Бийлик болсо, баарыбызды “кен мамлекеттин менчиги, өзүбүз иштетебиз” деп ынандырып келе жатат… Ьирок “Кыргызстандын тышкы карызынын эң чоң көлөмүн төлөй турган учур келди” деген сайын кайра түпөйүл болуп кооптоносуң…

Жыйындын артыкчылыгы… кемчилиги…

Бул жолугушууда мага жакканы ачык-айкын пикир алышуу аянтчасынын түзүлгөнү болду. «Бул суроону бер! Тигил суроону бербе!» деген буйруктар болгон жок. Ачык сүйлөштүк, өкмөттүн пикир-түшүндүрмөлөрүн уктук. Бирок баягы эле убакыт тардыгынан баарыбыз суроо бергенге үлгүрбөдүк, көп көйгөйдүн чети да оюлган жок. Акылбек Жапаров айткан убакыттан кечикпей келгенде, балким, баарыбыз сурообузду бермекпиз… Жыйын жыйынтыкталарда: «Дасторконго отуруп деле сурооңорду бере берсеңер болот» дешти эле, бирок андай болгон жок. Атүгүл кайрылуу кагазыбызды өкмөт башчынын өзүнө кармата албай калдык. Жанындагы кайтарган жигиттин бири такыр эле жолотпой, «мен берип коем» деп кагазыбызды алып алды. Бердиби, жеттиби — жыйынтыгын күтүп жатабыз…

Дасторкон үстүндөгү жагымдуу маанай үчүн ырчы жубайлар Урмат Υсөнов менен Нэля чакырылган экен, бирок бир ыр ырдап эле кетип калышты. «Ошончо келгенден кийин, өкмөт башчыны зарыгып узак күткөндөн кийин 3-4 ыр ырдашса деле болмок» деп кала бердик… 

Эми кемчиликтерди айта берсек, четинен чыга берет. Бир кемчилик — «ПолитКлиника» «Кактус.медиа», «Клооп», «Темиров LIVE» өңдүү медианын иликтөөчү журналисттери чакырылбаптыр. Ушундан улам жолугушуунун форматы ар кандай күдүк ойлорду жаратты. Анан дагы жолугушуунун «Дасмия» тойканасында болгону журналисттердин көбүнө жаккан жок. «Дагы жолугушуулар болот» дешти, «болсун, бирок, тойканада эмес» жана арай көз, чарай көз баарын талкуулагыдай убакыты кенен болуп, журналисттердин баары чакырылышы керек деген ойдобуз…

13 жашар кыздын тагдыры боюнча президенттин, катчысынын пикири…

Өкмөт башчы менен бейформат жолугушуубуз өткөн күнү
алмончоктой эселек кыздын тагдырын талкалаган айбандар тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 
президенттин да, өзүнүн да пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына  мындай деп жазды: «13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз. Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт«.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Ички иштер министрлигинин коллегиясына катышып, кыргыз милициясына көө жапкан айрым абийирсиз, намыссыз кесиптештерден арылуу керектигин эскертип, «Милициянын иштеп жатканын катардагы жөнөкөй жарандан тартып өлкө жетекчилигине чейин сезиши керек. Коюлган талаптардын аткарылышын камсыз кылууну мен министрликтин жетекчилигинен талап кылам жана жеке өзүмдүн көзөмөлүмө алам», — деп катуу айтты эле. Азыр Башкы прокурор менен Ички иштер министри президенттин тапшырмасы менен аймактарды кыдырып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерин жеринде угуп, жазып алып, а балким чечип да жүрүшөт. «13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы» да президенттин, министрдин, баш прокурордун да катуу көзөмөлүндө болуп, күнөөлүүлөр сөзсүз катуу жазасын алат деп ишенебиз… 

Айтмакчы, туристтерди айнытып жаткан, Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов айткандай, жалгыз биз журналисттер эле эмеспиз. Кыргыз туроператорлору ассоциациясы Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын айрым кызматкерлери чет жерден келген конокторду кайра кайрылып келбегидей качырып жаткандыгы тууралуу даттанып 5-июлда  «Фейсбукка» жазып чыгышты эле…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.