«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева эмнеге суракка чакырылды?..

«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева кечээ, 7-июлда да Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө макамында суракта болду. Ал Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу жарыяланган макала-маалыматтар боюнча суроолорго жооп берди.

Сурак жүргүзгөн укук коргоо органдары аталган маалыматтарды жарыялоонун максатына кызыгышты.

Жыйынтыгында суракка байланыштуу маалыматтарды жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп берүү талабы коюлду, бирок “Азаттык Медиа” андан баш тартты.

Суракка чогуу катышкан “Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев “Жазык-процессуалдык кодексинин” 167-беренеси боюнча тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууга жол берилбестик тууралуу тил катка кол коюу талабы мыйзамсыз экенин айтты:

“Конституциялык соттун бул берене боюнча быйылкы жылдын 8-июнундагы чечими бар. Анда аталган берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрү Конституцияга каршы келет деп айтылган. Ошондуктан биз кол койбойбуз дедик”.

“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Ленин райондук ички иштер башкармалыгында 5-июлда да суракта болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

«Азаттык» радиосунун тышкы карыз тууралуу даярдаган материалдары жергиликтүү расмий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянуу менен жазылган. Маалыматтын булагы ачык көрсөтүлүп, аларга шилтеме берилген.

2-июлда Равшан Жээнбеков Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылганын Ленин райондук милициясынын имаратынын алдына чогулган тарапкерлерине жана журналисттерге билдирген. Оппозициялык саясатчы социалдык тармактагы баракчасына «өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде» деп жазган.

Равшан Жээнбеков 7-июлда билдирүү таратып, журналисттерди суракка чакырууну токтотууга милицияны чакырды.

Гүлгаакы ЖАНАР кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.