Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, окуя кечээ, 7-июлда, кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн.

«Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулуп, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган «Субару-Аутбек» машинасын өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Натыйжада алты адам денесинен ар кандай жараат алып, облустук ооруканага жеткирилген«, — деп билдирди милиция мекемеси.

Жараат алгандардын үчөөнүн абалы оор болгондуктан аларга операция жасалганы маалымдалды.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жер талаштан улам эки тарап буга чейин бирин бири айыптап, арыз жазып жүрүшкөн. Айыл тургундары, көбүнчө жаштар, сүйлөшүү үчүн барганда уруш чыгып кетип, аягы ок атуу менен аяктаган. Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат, милиция айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.