Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардан ак ниеттүү иштешин талап кылды

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардан ак ниеттүү иштешин талап кылды

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков кечээ, 7-июлда,  ротацияланган соттордун сот адилеттигин ишке ашыруудагы сапатына, эмгек жана жашоо — шарттарына өзгөчө көңүл буруп, Бишкек шаарынын сот органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоодон кийин Жогорку соттун төрагасы республиканын бардык аймактарында болуп, жер-жерлерде судьялардын иши менен таанышты. Тактап айтканда, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында болду.

Замирбек Базарбеков борбор калаанын сотторунун судьялары жана кызматкерлери менен болгон жолугушууда бир катар маселелерди көтөрдү. Судьяларга иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо, бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүү жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча талыкпай иштөө тапшырылды. Тактап айтканда, соттордун ар бир чечимине баа берилип, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу үчүн өлкө тарабынан тийиштүү шарттар түзүлүп, мамлекет башчысынын колдоосу менен соттордун айлык маянасы көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи.

Замирбек Базарбеков Бишкек шаарынын судьялары тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер боюнча мисалдарды келтирди. Соттордогу бюрократиялык иштер, соттук отурумдарды тынымсыз жылдыруу боюнча жарандардан арыз-даттануулар көп. Ошондой эле судьялар тарабынан процессуалдык нормалардын бузулушу боюнча даттануулар дагы бар. Судьяларга жүктөмдөрү көп болгондугуна карабастан,  ар бир ишти дыкат карап,  мыйзамдуулукту сактап,  тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө тапшырылды. Ошондой эле которулган соттордун абийир, ак ниети  менен иштөөсүн жана ар бир соттук материалдын, иштин артында адам тагдыры тургандыгын эскертти.

Соттордун ротацияга байланыштуу актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолгон Замирбек Базарбеков Министрлер Кабинети судьялардын көчүп барган чыгымдардын ордун толтуруу үчүн каражат издеп жатканын белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айында жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу күтүлүп жатканы маалым болду.

Гүлгаакы ЖАНАР кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.