Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин!»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин!»
Бүгүн, 9-июль — Курман айт. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Кадырлуу Мусулман бир туугандар!
Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм!
Кѳкүрѳк толо кубаныч тартуулап, кѳңүл сергитип жайыл дасторкондо жадырап-жайнап конокторду тосуп, таарынычтарды унутуп, бири-бирибизге аруу тилектерибизди айтып, Жараткандан жакшы үмүт кылган сүйүктүү майрамдарыбыздын бири – бул Курман айт майрамы.
Курман айт мусулмандар үчүн барга топук, азга каниет кылып, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү болгон чоң майрам.
Жараткандын бизге берген ырыскысын башкалар менен бөлүшүп, ынтымакта, биримдикте бир туугандык байланышыбызды күчөтүп, турмуш сапарабызды улап жатышыбызга чоң шүгүрлөрдү келтирем.
Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!
Курман айт майрамын белгилеп жатып, мамлекетибизде жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдиги, ынтымагы бекемделип, достук мамилелери күчөп, бир туугандык сезимдери чыңалат. Бул күнөстүү Кыргызстаныбыздын, анын ичинде сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын башкы байлыгы.
Ушул күнү бардык тилектерди Жаратканыбыз кабыл кылып, ойлогон ой-тилек, максаттарды орундатсын. Жерибизге тынчтык жана бейпилдик, элибизге ынтымак жана биримдик берсин. Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин!
Айтыңыздар маарек болсун!

Курман айттын тарыхы…

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Кудайга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Алла Таалам анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Жараткан анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллага дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыбыз маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.