Руслан ЖАКЫШОВ: «Айтылган тилектердин баары кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман орносун!»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Айтылган тилектердин баары кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман орносун!»

Бүгүн, 9-июль — Курман айт. Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Руслан ЖАКЫШОВ кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады:

Урматтуу мекендештер! 

Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул күн — ыйык күн, улуу күн, касиеттүү күн. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, кайрымдуулук кылышат. Ак дасторкон үстүндө алакан жайып, өтүп кеткен ата-бабабызга багыштап куран окушат, жакшы тилек айтышат. Айтылган тилектерибиздин баары кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман орносун! Жакшы ой-максаттарыбыз орундалсын! Өлкөбүз өсүп-өнүксүн! Жерибизде тынчтык, элиндизде ынтымак, биримдик болсун! Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

Курман айттын тарыхы…

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Кудайга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Алла Таалам анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Жараткан анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллага дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыбыз маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.