“Дао дэ цзин” кыргызча жарык көрдү. Акын Үсөнбек Дайырбеков кытай тилинен кандайча которду?..

“Дао дэ цзин” кыргызча жарык көрдү. Акын Үсөнбек Дайырбеков кытай тилинен кандайча которду?..

“Мен чын эле жашадымбы?” аттуу китептин автору, “Карт бойдок” көркөм тасмасынын сценарийин жазган акын, журналист Үсөнбек Дайырбеков 70 жашка чыкты. Мааракени утурлай балдары “Айткан билбейт, билген айтпайт” (Комментарийлер) аталган котормо китебин чыгарып беришип, ал китеп 8-июлда колубузга тийип, окуп чыктык. Жакшы которулуптур. Андан да кытай тилинен «тандем» менен түз которулуптур. Дегеним, байыркы кытай философу, айтылуу акылман Лао Цзынын “Дао дэ цзин” (“Айкөлдүккө жол”) 81 бап ой топтомолорун кыргызчага оодарганга Пекин шаарындагы Бизнес жана Технология университетинин 4-курсунун студенти болгон балдызы Айза Кубанычева көмөктөшүптүр. Ал тууралуу автордун айтканын төмөндө окуй аласыздар…

“Ар сабына тоодой салмак, мухиттей маани каткан чыгарма”  

Кымбаттуу окурман, Сизге биз ушул котормобузду сунуш кылып жатып, Сизден алдын ала кечирим сурайбыз. Анткени айтылбас нерсени айтканга, которулбас нерсени которгонго аракет кылганыбыз, көрүнбөс нерсени көрсөтүүгө аракет кылгандан да кыйын иш экен. Муну ушул беш миң сөздөн турган керемет эмгекти которууга аракет кылган миңдеген котормочулар, окумуштуулар, кытай тилин изилдөөчүлөр айтып кетишкен экен. Себеби Лао-цзы өзүнүн талантынын кудурети менен бул чыгармасын жазганда ар бир сабына тоодой салмак, мухиттей терең маани камтып, сыясын мүрөктүн суусуна чылап карыбас, арыбас кылса керек. Кылымдардын кырларын ашып, мезгил менен кошо кадамдап, маани маңызын жоготпой келе жаткан бул мурас дүйннөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, окугандарды өзүнүн кудурети менен тамшандырып келет. Баарынан кызыгы, ар бир котормочу аны өзүнүн денгээлине жараша түшүнүп, өзүнүн дараметине жараша которгондуктан он котормону окусаңыз ону он башка. Мени да бул чыгарманын мухиттей кудурети тартып алып, анын сырдуу дүйнөсү мен мурда билбеген, бар экенине шек санабаган керемет дүйнөнү көздөй жетелеп кетти. Ошондон улам, кыргыз тилинде да жазылышп керек деген аруу тилек, чоң максат менен киришип, тагыраак, үлгүгө жакыныраак болсо деген ой менен Кытайдан окуп, жогорку билим алып келген балдызым Айзага кайрылып жардам сурадым. Ал макул болуп, биз абдан оор, бирок өтө кызыктуу ишке баш отубуз менен киришип, ийне менен кудук казып, калем менен булак көзүн ачып, далай терибизди төктүк. Айза кытай тилинен сөзмө-сөз которуп, мага түшүндүрөт. Мен аны кыргыз тилинин жорго сөзү менен жорголотуп кагазга түшүрөм.

Ошентип биздин максатыбыз Сиздерге бул чыгарманы мүмкүн болушунча так которуп берүү болду. Максатбызды канчалык деңгээлде ишке ашырылганы алдыңыздарда, ардактуу окурман! Сиз калыссыз. Эмесе, кымбаттуу окурман, Сиздин колуңузда кытай элинин мындан эки миң жыл илгери жашаган акылманы Лао-цзынын “Айкөлдүккө жол” (“Дао дэ цзин”) деген китебинин кыска баптарынын Айза экөөлөп жараткан котормосу жана ага жазылган менин пикирим, ойлорум турат.

Айтмакчы, мен Лао-цзыга абдан таасирленип, ар бир бапка өзүмдүн ой-пикиримди жазып бир нече жыл аракет кылдым. Бирок 72 баптан наркы ишим уланбай койду. Жакшы чыкпай, такалып, ойдогудай болбой кыйналдым. Ошентип толгоо тартып жатып ноутбукка жазгандарым эки ирет мага түшүнүксүз жагдайда өчүп калды. Үчүнчү ирет жазганга дараметим жетпей, актай калдым.

Уламыш боюнча бул беш миң сөздөн турган улуу мурасты кытай имератору Лао-цзыга мажбурлап жаздырган дешет. Анткени акылман айтууга болбогонду айткысы келген эмес экен. Бул жөнүндө Лао-цзы минтип айткан: “Жымжыртыктан чыккан үндөн өтөөр обон барбы? Үнсүздүктөн чыккан сөздөн өтөөр поэзия барбы? Караңгылыктан чыкан нурдан өтөөр жарык барбы?”.

Үсөнбек ДАЙЫРБЕКОВ

Айза КУБАНЫЧЕВА: “Улуу мурасты сөзмө-сөз которуш кыйын болду”

Ал эми кичинекей котормочу Айза да китепке кандайча которулганы тууралуу кенен жазган. Кыскасы мындай: “Мага Үсөн жездем кытай элинин улуу чыгармасын которууну сунуш кылганда ойлонбостон макул болдум. Беш миң сөздөн жана 81 баптан турган бул улуу мурасты сөзмө-сөз которуш кыйын болду.

Негизи эле кытай иероглифтеринен сөздүк мааниси өтө ар түрдүү, өтө терең. Ар бир адам алардын маанисин ар түрдүүчө түшүнөт жана кабыл алат. Ошондуктан жездем айткандай, “Дао дэ цзиндин” котормолорун карап көрсөңүз ар түрдүү, анктени ар бир котормочу ар башкача түшүнгөн. Биз да башка котормочулардай эле, негизги маанисин, мазмунун жеткиликтүү жана түшүнүктүү сөздөр менен бергенге аракет кылдык”.

Капар ТОКТОШОВ: «Үсөкенин түздөн-түз кытай тилинен которууга жасаган аракети мактоого татыктуу»

Бул китепке Алгы сөздү досу, кесиптешибиз Токтошов Капар агабыз жазыптыр.

АЛГЫ СӨЗ

Үсөнбек Дайырбеков окурмандарга “Мен чын эле жашадымбы?” деген китеби жана көрөрмандарга “Карт бойдок” аттуу көркөм фильмдин сценаристи катары таанымал. Жогоруда аталган китебинде: “…Апам айтаар эле: “көп сүйлөйсүң, балам” деп, агайларым айтышчу: “кыска сүйлөп үйрөн” деп. Кыска сүйлөш кандай кыйын?! Сөз дегениң чымчыктай, оозуңду ачсаң кетет учуп карматпай. О, Кудайым! Кыска, нуска сөз берчи мылтык менен аткандай, ташка тамга баскандай, эң таамай!”- деген саптар бар. Үсөнбектин мына ошол эң таамай сөз издеген адаты аны кытай элинин улуу инсаны, бүтүндөй бир зор мамлекеттин идеологиясын негиздеген, Дүйнөлүк адабияттын алтын коруна кирген “Дао дэ цзин” эмгегине жолуктурса керек. Чынында эле бул адабий мураста айтылган ойлор өзүнүн ташка тамга баскандай тактыгы, мылтык менен аткандай таамайлыгы жана кыргыз макалындай кыскалыгы менен тамшантат. Кыргыз тилин байытуу максатында жазылган бул эмгекти окуп чыгып, кытай элинин жашоого, турмушка болгон көз карашын жакындан билсеңиз болот. Бул чыгарманын орус элинин аттуу-баштуу жазуучусу Лев Толстойдон баштап ондогон мыкты калемгерлери которгон орус тилиндеги көптөгөн китептери бар. Аларга алымсынбай, түздөн-түз кытай тилинен которууга жасаган аракети мактоого татыктуу. Үсөнбектин: “Сөздү баккын. Жарык жерге, жылуу жерге байлагын. Жемди, чөптү кенен кой. Куйрук байлап семирсин. Бир ай карма, бир жыл карма шашпастан. Анан таптап ак кагазга казан ас. Маңдай терди чака-чака куйгун дагы казанга, жилик-жилик сөздөрүңдү асып сал. Сезимди жак алоолонтуп от кылып, илхамды да кошо жаккын чок кылып. Боркулдатып кайнат анан күнү-түн. Эти эзилип, сөөгү калсын какшыган. Анан ошол сөөктү чагып – чучук ал. Сөздүн даамы мына ошондо болот бал!” деген пикири бар. Менин билишимде, Үсөкем котормонун үстүнөн иштеп жана ага комментарий жазам деп бул чыгарманы эзип, сөөгүнө жете бышырып, чучугун чагып келе жатканына бир нече жыл болду. Билгендер Лао-цзынын жазгандары бирде макалга окшоп так, кыска болсо, бирде ырга окшоп ыргактуу экенин көп айтышат. Анынсыңары, бул котормо да жеңил окулган жорго сөз менен жорголотуп оодарылыптыр. Ак эмгеги кайтып, мына минтип котормосу жана ага жазылган комментарийлери жарык көрүп отурат. Менимче, бул китеп кыргыз адабиятынан өз ордун таба турган олбурлуу чыгарма болот деп ойлойм.

Лао-цзы жана Конфуций өңдүү дүйнөлүк улуу ойчулдардын көөнө мурастары буга чейин деле кыргызча которулуп чыгып келген. Бирок ошолордун бардыгы орус тилиндеги котормосунан оодарылган. Кыскасы, шорпонун шорпосундай ботко болуп жетип жүрүптүр бизге. Анысына адабияттарды түп нускадан түз кыргызча которуп китеп чыгарып келаткан Чыгыш адабияты жана искусствосу басмасында иштеп калып, Конфуцийдин “Ойлор жана мурастарын” редакциялоо менен ынанган жайым бар. Ойчулдардын ар бир ою – макалдай. Кыска, нуска. Жакшы жери асыл ойду биздин макал-ылакаптарга сала койсоң эле кемелине келе түшөт. Ал эми аны Үсөкедей кылып жорго сөзгө салсаң, жүрөк тургай чучугуңузга да жетпейби! Бул котормонун мааниси ушундай.

Котормодон бир үзүм…

13

Дөөлөт деген тоголок, тоголонсо жоголот. Ага ишенген пенделер ара жолдо кор болот. Атак-даңк деген көлөкө, күнүң батса таппайсың. Өзгөрмөлүү дүйнөдө, аны кантип сактайсың? Атагың түгүл өз денең. Күндөн күнгө өзгөрөт. Карылыкка алдырып, оору-сыркоо көбөйөт. Ушул денем өлгөндө, кепиндеп жерге көмгөндө, абалымды билемби? Денемден чыгып бөлүнүп, тунуктукка киремби? Тунуктукка кире алсам, башатыма кошулам. Башатыма кошулсам, чындыгыма жолугам. Жолукканда чындыкка, табам кайып денемди. Адам элем жана эле, аалам болдум мен эми!

 Лао-цзы айтат: «Өзгөрмөлүү дүйнө» деп. Манаста айтылат: “Атаңдын көрү дүйнө шок, бүгүн көргөн эртең жок” деп. Эртең жок дегени – жок болуп кетет дегени эмес. Өзгөрүп кетет дегени. Анткени “бардан жок болбойт, жоктор бар болбойт” деп илгеркилер туура айтып салган экен. Жок болбойт экенбиз, өзгөрөт экенбиз. Балким бүгүн такта олтурса, эртең талаада калар. Балким бүгүн атагы таш жарып турса, эртең унутулар. Балким бүгүн көрүнгөн денеде болсок, эртең көрүнбөгөн денеге жолугабыз. Балким бүгүн тамчы болсок, эртең мухитке кошулабыз. Кимде ким көрүнгөн денеси барда көрүнбөгөн денеси жөнүндө кам көрсө жана көрүнбөгөндөрдү көрүнгөндөрдөн артык сүйсө, анда ага асман алдын берүүгө болот. Кимде ким көрүнгөн денеси өлгөндө асман алдында кала алса, анда ал асман алдын башкара да алат.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Акын Үсөнбек Дайырбековдун “Мен чын эле жашадымбы?” аттуу китебиндеги ырларын жакында окуй аласыздар! 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.