Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстан президентинин администрация башчысы иштен алынды

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстан президентинин администрация башчысы иштен алынды

Каракалпакстандагы окуялардан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы Зайнолибиддин Низомиддинов кызматтан алынды.

Расмий маалыматта ал «саламаттыгынан улам башка жумушка которулганына байланыштуу» иштен кеткени жазылган.

Кийинчерээк Низомиддинов Кесиптик кошуундар федерациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматына дайындалганы белгилүү болду.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги булактарына таянып, Низомидинов баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштоодо маанилүү роль ойногонун жазды. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы «суверендүү республика» деген макамы алынган эле.

Бул өзгөртүүлөргө байланыштуу Каракалпакстан автоном республикасында тутанган башаламандыкта 18 адам өлгөн. Жүздөгөн адам жараат алып, беш жүздөн көбү камалган. Укук коргоочулар жана бозгундагы оппозиция өкүлдөрү курман болгондордун саны алда канча көп экенин айтып келишет.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.
49 жаштагы Зайнолибиддин Низомиддинов 2016-жылдан бери Мирзиеев менен тыгыз кызматташып келет. Ал президенттин администрациясынын жетекчиси катары таасирдүү саясий фигура катары саналчу.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланган

Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлап, кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланганын билдирген. Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат.

Илимпоздордун айтымында…

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Кыпчак тилинде сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Республикада жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.