Тажик абактарындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тажик абактарындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Тажикстандын абактарында кармалып турган 11 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтарылды. Бул маалыматты 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров «Азаттыкка» ырастады. Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирип, укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү.

Анын атасы Умарбай Хайдаров «Азаттыкка» абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты: «Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Укук коргоо органдары өзүбүз алып келебиз дегендиктен, биз барган жокпуз». Ошондой эле, ал кайтарылган алты жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы милициянын жергиликтүү пунктуна жеткирилген, төртөө Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирген.

Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз жана тажик мамлекеттик органдары абактагы жарандарды алмашуу жараянын баштаганын кабарлаган. 3-июнда Лейлек райондук соту Кыргызстанда кармалып турган 11 тажик жаранына 50 миң сомдон айып салып, абактан бошоткон.

Быйыл апрелде Башкы прокуратура тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканын, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экенин билдирген.

Эске сала кетсек, бошотулгандар ар кайсы мезгилде чек арадан мыйзамсыз өттү деген негизде Тажикстанда кармалган.

Нази БАЯН кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.