Эмгек министрлиги 92 жаранды Түштүк Кореяга жумушка жөнөттү. Учурда Германия менен келишим даярдалууда…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Түштүк Кореяга эмгек миграциясына жөнөп жаткан жарандар кечээ, 11-июлда жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бул жарандар эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жумушка орношууда. Ушу тапта Түштүк Кореяда эки миңдей кыргыз жараны иштеп жатат. Ал эми министрдин айтымында, кыргызстандыктарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча буга чейин Жапония, Британия менен келишимдерге кол коюлган. Учурда Германия менен келишим даярдалууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.