ИИМ: «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси камакка алынды»

«Ихсан групп ЛТД» турак жай кооперативинин жетекчиси Б. А. аттуу айым кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июлда билдирди. Алардын маалыматына караганда, Б.А. кылмыш кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен козголгон кылмыш иштерин тергөө алкагында кечээ, 11-июлда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (БШИИБ) убактылуу камоочу жайына киргизилген.

ИИМдин тергөө кызматына ар кайсы аймактын жарандарынан бир топ арыздар келип түшкөн. Жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзгөн. Бул кылмыш иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.