13 жашар кызды зордуктоо боюнча сот бүгүн да уланат. Айыпталуучулар көрсөтмө бере башташат…

13 жашар кызды зордуктоо боюнча сот бүгүн да уланат. Айыпталуучулар көрсөтмө бере башташат…

13 жашар өспүрүм кызды зордуктоо боюнча сот отуруму Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн да болот. Мындай мүнөздөгү оор кылмыштар жабык эшик артында каралгандыктан, ушул калыпта башталып, ушул калыпта уланып келатат.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султановдун айтканы боюнча, кечээги сотто үч күбө суралып, бирөөсү келбей калып, сот бүгүнкүгө жылган. Сот жабык өтүп жаткандыктан, күбөлөр эмнелерди айтып, кандай көрсөтмө беришкени азырынча ачык айтылбайт. Бир билгенибиз, күбөлөр толук суралып бүткөндөн кийин айыпталуучулар суралат. Бирок, жабырлануучу тараптын жактоочусунун айтканы боюнча, айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга албай жатышкандай. 

Айтмакчы, кечээги сот ишинде айыпталуучулардын биринин жактоочусу кыздын ата-энеси «өздөрүн пиар кылып, көбүрөөк акча алгылары келип жатат» кыязда сүйлөй коюп кыздын апасын ыйлатып, «бизге 1 сом да акчанын кереги жок, күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын» деп айтканга чейин жеткизсе, дагы бир айыпталуучунун жактоочусу ал коргоп жаткан адамдын сүрөтүн социалдык тармактарга тараткандарды жана чыгарган маалымат каражаттарын жоопко тартуу өтүнүчүн келтирген.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов: «Ооба, күнөөсүздүк презумпциясы (айыптуулук так далилдене элек абал — ред.) деген бар, бирок, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык, муну бузгандарга кылмыш ишин козго деп сот эч кимге тапшырма бере албайт» дейт. Анткен менен кечээги отурумга да «сот жабык эшик артында өтөт» деген жүйө менен Акыйкатчы институтунун өкүлү, Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү да киргизилген эмес. Акыйкатчы институтунун өкүлү андан мурунку отурумга да кирбей калып, аны судья Азиз Эшалиев айыпталуучу тарап каршы болгону менен түшүндүргөн. Бирок андай-мындай «себептер» жабырлануучу тараптын жана коомчулуктун «айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби» деген тынчсыздануусун, күдүктөнүүсүн улам күчөтүүдө…

Белгилей кетсек, коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул сот процессинде айыпталуучулар — бири 39, бири 34 жаштагы мурдагы эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон, кийин «Дордой» базарында күзөтчү болуп иштеген адам. Алар шектүү болуп кармалган кылмыш боюнча алгач кыска-кыска маалыматтар чыгып, 13 жашар секелек кызды зордуктоого милиция кызматкерлери шек саналып жатканы тууралуу “Азаттык” кеңири иликтеп, «Кызымды колдон-колго өткөрүшкөн» деген макаланы 2-июлда жарыялаганы коомчулук териштирүү, иликтөө ишине, кийин иш сотко өтүп, сот башталганы сот процессине тыкыр көз салып, кандай чечим болорун күтүп жатат…

Акылбек ЖАПАРОВ: «Милициялар арасында да айбандар болот экен»

5-июлда медиа өкүлдөрү менен өткөн бейформат жолугушууда Өкмөт башчысы Акылбек Жапаровго бир үй-бүлөнүн алмончоктой кызынын тагдырын талкалаган айбандар тууралуу суроону журналист Кубат Оторбаев узаткан эле. Ага Акылбек Жапаров мындай деп жооп берген: «Зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөт. Эми милициялар арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек!»

Президент эмне деди эле?

Ошол жолугушуунун эртеси президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президенттин да, өзүнүн да пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына калтырган: «13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз. Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. 
Президент Садыр Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт».

Албетте, сот системасы кечиримсиз иштерден, чечимдерден арылышы керектигин жана арылуу, жакшыруу аракеттери болуп жатканын бардык бийлик бутактары айтып келатышат. Бирок, жакындагы эле 16 жаштагы кызды өзгөчө мыкаачылык менен зордуктоого шектелгендерди сот залынан бошотуп жиберип, анан «сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизгендиги үчүн Жогорку Сотко арызын берип, кызматынан өз каалоосу менен кеткен» судья Жаналы Батырбековдун окуясынан кийин «сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизген» чечимди чыгарган судьянын мурдагы ишмердиги кандай болгон деген суроолор жаралып, сот системасында коом ынангыдай жакшырууларга али да көп бар деп ишеничтүү айтсак болот…

Андыктан, башта айткандай, бул сот процесси дагы кандай уланат, дагы эмне жаңылыктар, жазгыруулар, актануулар болуп кетет — баары-баары кайдыгер эмес коомчулуктун жана маалымат каражаттарынын байкоосунда турат… күтө туралы…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.