Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА: «Адам ажаатын ачып, Тайлак баатырды даңазалаган Мелис Эшимканов болгон»

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА: «Адам ажаатын ачып, Тайлак баатырды даңазалаган Мелис Эшимканов болгон»

Тайлак баатырдын даңазасын биринчи баштаган редактор

Ушундай аталыш менен биздин редакцияга “Тайлак баатыр мурасы” коомдук бирикмесинин төрайымы, тарыхый инсан Тайлак баатырдын кыбырасы Бурмакан Сатыбалдиевадан макала келип түштү. Бул макалада саясий жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов эскерилген. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар. 

Эсимде, 90-жылдардын башында кыргыз коомчулугунда эгемендүүлүктүн жел аргысы согуп, ар кандай кыймылдар, бирикмелер пайда болуп жаңылануунун алгачкы кадамдары байкала баштады. 1989-жылы Кыргызстанда кош тилдүүлүк жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Ал жөн жеринен эле кабыл алынып калган жок, бир катар машакаттуу аракеттер, коркутуу, үркүтүүлөр менен коштолуп, өзгөчө кыргыз жаштарынын тайманбас жигерлүү аркеттери чоң роль ойногон. Ошол жаштардын арасында кыргыз тили деп чуркагандардын арасында мекенчилдик вазыйпамды аткарып кол чогултууга жан дилим менен катышканыма азыр да сыймыктанып кетем. “Акыйкат”, “Ашар”, “Демилге”, “Дыйкан ордо”, “Эколог”, ”Жаш тарыхчылар ассоциациясы” кыймылдары ж.б. бирикмелер биригип, “Эне тилди коргоо” комитетин түзгөндөрдүн тапшырмасынын негизинде активдүү жаштар өзүбүз иштеген тармактагы мекеме, ишканалардан кол тамга чогулта баштадык.

Ошол кезде Кыргыз индустриясынын эң кубаттуу тармагы болгон “Кыргызстан” басмасында иштеген кыргыз интеллигенция өкүлдөрү, Полиграфкомбинатынын кызматкерлеринин арасында: “Булар эмне балээни баштап, жыландын куйругун басканы жатышат” деп шектүү карап, кооптонуу сезиминен арылбаган, кол коюуга батына албаган, бутунун учунан башканы көрө албаган коркоктор да болгон. Суу жүрөктөрдөн айырмаланган окуянын жүрүшүн алдын ала баамдаган, ат чабым алыстагы алдыңкы көз караштагы интеллигенттери шарт эле кол тамгаларын коюп жатышты. Ар бир активисттин артынан сары изине чөп салып КГБ кызматкерлери аңдууга алышты. Бул факт. Алардын арасында Мелис Эшимканов дагы бар болчу.

Мени да КГБнын кеңсесине чакырганы жатканын ишенимдүү кишилерден эшитип, көздөн далдоо болуп турууну кеңеш алгандыктан туристтик жолдомо менен Европага, тагыраак айтканда, Чехословакияга чыгып кеттим. Ошол бойдон тамам болду дегендей, сентябрдын аягында андагы Фрунзе шаарыма келсем кош тилдүүлүк: кыргыз тили жана орус тилинин мыйзамы расмий кабыл алынып калыптыр.

Жарым-жартылай жеңишибизге кубанычыбызга чек жок эле. 30 жылдан ашуун жыл өтсө да, кош тилдүү мамлекет бойдон калдык, Убактылуу элди сооротуш үчүн кабыл алынган титулдук улуттун тили жарым жандуу болуп күнү бүгүнкүгө чейин өмүр сүрүп келет. Бири кем дүйнө, советтик идеологиянын инерциясы менен кабыл алынып калган чала жан кош тилдүүлүк жөнүндөгү мыйзамдын өмүрүн узарткан ким болду? Албетте, кыргыз бийлигине келген атка минерлердин саясий чечиминин алигүнчө жоктугунан деп билем. Жогоруда кеп кылып жаткан саясий кырдаал кыргыз коомчулугуна оң таасирин тийгизип, түзүлүп калган ондогон коомдук, бейформал уюмдар, бирикмелер 1990-жылы 26-27-майда уюштуруу курултайы өткөн. Кыргызстан демократиялык кыймылына (КДК) биригишти. Анда да Мелис Эшимканов жаштар канатынын лидери болгону баарыбызга маалым.

Ал кезде бардык маселелер Москванын макулдугу менен чечилгендиктен, бийлик өкүлдөрүнө жаштардын бул саясий кадамдары менен эсептешүү, чечүү жеңил эмес болчу. Бийликке кыйынчылык жаралып толкуган эл, чындыгында жаштардын талаптарын тааныган тең ата мамилелер башталып, “Ленинчил жаш” гезитине “Түндүктөн түшкөн редактор” Мелис Эшимканов келди» деп консерваторлор дүргүп калышты. Мелис редактор болуп жаңы келгенде анда мен “Кыргызстан” басмасында адабият бөлүмүнүн кенже редактору элем.

Окурманым, бир аз макаланын кантип жарык көргөнүнө лирикалык чегинүү жасап өтөйүн. Кыргыздын улуттук баатыры Тайлак баатыр XIX кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн феномен, реалдуу тарыхий инсан. Кыргыз тарыхында ал кытай, жуңгар баскынчыларына жана Кокон хандыгына каршы козголоңдун баштаган кол башчы катары калайык кыргызга белгилүү. Союз кезинде Тайлак баатыр тууралуу Кыргыз совет энциклопедиясында эки эле абцаз жазылган. Ал эми А.Чоробаев аксакалдын 1958-жылы К. Маликовдун редакциялоосунда жарык көргөн казалын эсепке албаганда, кыргыз тарыхында ордун таба элек инсан экендигин батыл айтып кетсем болот. Ал убакта мындай инсанды көтөрүп чыгуу жөнөкөй журналисттин күчү жетмек эмес, ал тургай чоң окумуштуулардын да кудуретин тизгиндеп турган коммунисттик идеология толук күчүндө эле. Аталган макаланы чыгарам деп Мартин Идендей канча басылмалардын эшигин тытпадым. Эсепсиз түңүлүүдөн тажабаган жаным күндөрдүн биринде “Тайлак баатыр жөнүндө сөз” деген макаламды көтөрүп алып, илгери үмүт менен «Ленинчил жаш» гезитинин башкы редактору Мелис Эшимкановдун иш бөлмөсүнө баш бактым. Мени да, макаламды да сыпайкерчилик менен кабыл алды. Макаламды окуп жатып көзү жандана түштү. “Тарыхтын ак тактары толтура да. Эже, мындай тарыхый макала бизге абадай керек!” деп алтын таап алгансып аябай кубанды.

Терс жоопторду уга берип коркок болуп калган жан дүйнөм заматта кеңейип, тириле түштүм. Кудайдын парманы, Мелистин жеке демилгеси менен, 1991-жылдын 13-апрелинде «Ленинчил жаш» гезитине жарык көрдү. Тайлак баатырды даңазалоонун алгачкы кадамын жасаган, музун эриткен Мелис Эшимкановдун ысымы менен байланыштуу экендигин башкалар айтпаган чындыкты жарыялоо менин атуулдук парзым. Аталган макалага биринин артынан бири үн кошулуулар жарыялана баштады. Агайым филология илимдеринин кандидаты, профессор Сапарбек Закиров, акын, драматург Акимаалы Чекиров, тарыхчылар Жаныбек Жакыпбеков, Темирбек Асанов, академик Абдылдажан Акматалиев жана башка интеллигенция өкүлдөрү үн кошуп, Тайлак баатыр тууралуу фундаменталдуу илимий сөз уланып, кыргыз тарыхынан орун таап, саясий жактан өз баасын ала алды. Кыргыз тарыхынан Кокон хандыгы боюнча бапта Рыскулбек уулу Тайлак баатыр тууралуу кеңири маалымат берилди, ЖОЖдор үчүн Сабыр Аттокуровдун “Тайлак баатыр монографиясы, Токторбек Өмүрбеков, Тынчтыкбек Чоротегиндин Кыргызстандын тарыхы (19-к.) мектеп программасына кирди.

Арийне, адам ажаатын ачкан адамдын жакшылыгы эч жерде жерде калбастыгын, ушу эскерүү макаламды жазып жатканда моюндашка туура келди. Болбосо Мелис Эшимкановдун мага эмес, тарыхты аздектегени, тарыхый инсанга жасаган жоопкерчиликтүү мамилеси, алысты көрө билген тайбас чапчан, тоскоолдукту жеңе билген өткүр мүнөзү, музду ээритип, чоң өнүгүүгө арым алдырат деп ким ойлоптур. Мелис баскан макаланын аркасы менен ошол учурда үч уктасам түшүмө кирбеген масштабдуу иш-чаралар болбодубу!

Кудайга шүгүр, Тайлак баатырдын 200 жылдыгы 2001-жылы, 220 жылдыгы 2016-жылы Сөң-Көлдүн кылаасында салтанаттуу белгиленди. Ал эми 230 жылдыгы 2026 -жылы белгилөө мерчемделип жатат.

Мелис Тайлак баатырдай аз жашады, аз жашаса да өмүрү өрнөк болуп саз жашады. Элге бергенден бере элеги арбын эле да. Мелис Эшимканов деген ысым Тайлак баатырдай кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен жазыларына бөркүмдөй көрөм. Арбагы ыраазы болсун замандашына.

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,

“Тайлак баатыр мурасы” коомдук бирикмесинин төрайымы

P.S. «Жаштык жарчысы», «Ленинчил жаш», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү, мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис Эшимкановдун көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Агабыздын 60 жылдыгына карата эскерүүлөрдү saalnaz@list.ru почтасына жиберсеңиздер болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.