Кумтөрдөгү жарака кеткен аймакта жумуш жанданды

Кумтөрдөгү жарака кеткен аймакта жумуш жанданды

Кумтөр кенинин №20 аймагында жумуш кайра жанданды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» билдирди.

Быйыл майда кенин «Борбордук» карьеринин чыгыш капталындагы жерден жарака кетип, жер кыртышы тездик менен жыла баштаган. Ал бир канча күн мурда катуу жааган жаан жана кардан улам пайда болгон. Аталган жерде жумуш убактылуу токтотулган.

“Ведомство аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча “Кумтөр Голд Компани” жумушту коопсуз түрдө улантуу үчүн коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө жана деформация болгон аймактардын туруктуулугун баалоо үчүн чет элдик илимий-иликтөө уюмдарын тартууга сунуш алды. Консалтинг уюмдары берген сунуштардын негизинде “Кумтөр Голд Компани” №20 жумуш аймагында ишти калыбына келтирүү үчүн атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.