Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык байланышын үздү

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык байланышын үздү

Украинанын Тышкы иштер министрлиги “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныган Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

“Пхеньяндын бул чечимин Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине кол салуу аракети катары баалайбыз. Бул Украинанын Конституциясын, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун негизи нормалары менен принциптерин бузуу болуп эсептелет”, – деп айтылат маалыматта.

Украина ТИМи Түндүк Кореянын бул чечими эч кандай юридикалык кесепетке алып келбей турганын жана Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасын өзгөртө албастыгын белгиледи.

“Орусиянын андан каржылай жана саясий жактан көз каранды өлкөлөрдөн башка өнөктөшү калган жок. Анын изоляция деңгээли жакында Түндүк Кореянын изоляция деңгээлине теңелет. Украина өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана суверендүүлүгүнө кол салгандарга мындан ары да каттал жооп кайтарат”, – деди Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Пхеньян Украинадагы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет деп тааныганын “РИА-Новости” маалымат агенттиги Түндүк Кореянын Москвадагы элчилигине таянуу менен кабарлаган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиктери бул боюнча комментарий бере элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.