УКМК: «Милиция кызматкери чет өлкөлүк жарандарды үйүндө иштетип жатканы боюнча иликтеп жатабыз»

УКМК: «Милиция кызматкери чет өлкөлүк жарандарды үйүндө иштетип жатканы боюнча иликтеп жатабыз»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өлкөгө мыйзамсыз келген чет өлкөлүк үч  жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн табылганын маалымдады.

Маалыматта мындай деп жазылат: «Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин үч жараны аныкталды. Атайын кызмат милиция кызматкери чет өлкөлүк жарандарды үйүндө иштетип жатканын билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат».

ИИМ жана Лейлек райондук милициясы УКМКнын «табылгасы» боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанга эмгек мигранттары көбүнчө коңшу Өзбекстан, Тажикстандан келип иштешет. Алар чек араны мыйзамдуу кесип өтүп, эмгектенүү үчүн патент алышы керек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.