«Дөө Чыңгыз» Жумагулов 7-сентябрга чейин абакта калды

«Дөө Чыңгыз» Жумагулов 7-сентябрга чейин абакта калды

Биринчи май райондук соту  15-июлда кылмыш тобунун мүчөсү, кримчөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын карап, 7-сентябрга чейин №21 абакта калтырды.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген. Атайын кызмат Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлап жана анын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар УКМКга кайрылса болорун эскерткен.

Буга чейин Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында 8-июлда Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кеткенге үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. УКМК  кылмышкер Чүйдө изделип жатканын, бирок аны менен эч кандай атышуу болбогонун билдирген.

Эске сала кетсек, 2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган. 2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды ырайымсыз токмоктоп өлтүргөнгө шектелип кармалган. Анда каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар ал окуяны уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Бирок, 2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жумагуловду бул окуяга байланыштуу «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актап, «Ээнбаштык» беренесинин негизинде күнөөлүү таап, беш жылга абакка кескен.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.