ЕАЭБ: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу негизги долбоорлор тизмесине кирди

ЕАЭБ: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу негизги долбоорлор тизмесине кирди

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Евразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Беларустун Витебеск шаарында аталган кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда жалпысынан 25 маселе каралды. Энергетика тармагында Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин тийиштүү органдарынын башчыларынын кеңешин түзүү демилгеси колдоо тапты.

«ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт жаатындагы негизги инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси бекиди. Ага расмий Бишкектин сунушу менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу» жана «Лугавая-Балыкчы» темир жолун электрификациялоо» долбоорлору кирди»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин билдирген. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол регионалдык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода маршрутун ачмак.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.