ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Алдыда аба ырайы кандай болот?..

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: Алдыда аба ырайы кандай болот?..
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, 20-июлдан 25-июлга чейин республиканын бардык аймагында аба ырайынын өтө ысык болушу күтүлөт.
🔸️Абанын күндүзгү температурасы:
🔸️Чүй өрөөнүндө 36…41°,
🔸️Талас өрөөнүндө 34…39°,
🔸️Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º,
🔸️тоо этектеринде 34…39°,
🔸️Суусамыр өрөөнүндө 27…32º,
🔸️Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°,
🔸️Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º,
🔸️Тоолуу райондорунда 24…29°,
Бийик тоолордо 14…19° чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ысык аба ырайынын учурунда организмде суунун жетишсиздиги пайда болот. Жогорку кан басым жана жүрөк оорусу бар адамдардын айрыкча сак болуусу керек! Ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө зарыл! Кол чатыр көтөрүп алсаңыздар болот.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.