Кыргыз, өзбек жарандарына динден сабак берген, балдарды ур-токмокко алган адам кармалды

Кыргыз, өзбек жарандарына динден сабак берген, балдарды ур-токмокко алган адам кармалды

Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын алкагында Булакбаш районунда жашы жете элек балдарга динден мыйзамсыз сабак берген киши кармалды. Бул тууралуу Анжиян облустук ички иштер башкармалыгы ММКларга билдирди. Алардын маалыматына караганда, диний билими жана тиешелүү уруксаты жок адам 2020-жылдан бери 27 балага – кыргыз, өзбек жарандарына «Куръони-карим» менен «Муаллими Соний» китептери боюнча сабак өтүп келген. Окутуу үчүн ал ар бир окуучудан 500 миң сумдан (45 доллардан) алган. Мындан тышкары, ал сабак учурунда балдарды ур-токмокко алганы да аныкталган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.