«Манас айылы» эскизи боюнча сынак жыйынтыкталды. Жеңүүчү ким?..

«Манас айылы» эскизи боюнча сынак жыйынтыкталды. Жеңүүчү ким?..

Бишкекте  “Манас айылын” реконструкциялоонун эскиздик долбоорун иштеп чыгууга жарыяланган ачык архитектуралык сынактын жыйынтыгы чыкты. Бардыгы болуп 14 долбоор келип түшкөн, алардын үчөө калыстар тобунун жогорку упайына ээ болгон. Мындан тышкары дагы бир эмгекке үчүнчү орунду ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Сынактын жеңүүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом, үчүнчү орунга 250 миң сом төлөнүп берилет. Демөөрчүлөрдүн эсебинен каржылана турган акчалай сыйлыктын жалпы суммасы 37,6 миң долларды түзөт.

“Бишкекбашкыархитектуранын” маалыматына караганда, тандалган эскиздер тапшырык ээсине – президенттин иш башкармалыгына жөнөтүлөт. Ал жерде долбоорду ишке ашыра турган жеңүүчү аныкталат.

Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров 25-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде «Манас айылы” жаңыланарын айткан жана ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы «Ак үй» менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдаган.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы «Манас» этно-комплекси «Бишкек» эркин экономикалык аймагы» башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Тогуз гектарга жакын аянттагы комплекс 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.