22-июлдан баштап люкс вагон кошулган поезд каттай баштайт. Каттамы жана жол кире баасы…

22-июлдан баштап люкс вагон кошулган поезд каттай баштайт. Каттамы жана жол кире баасы…

Люкс вагон кошулган Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөр поезди 22-июлдан тартып каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн 21-июлда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 51 жүргүнчүгө эсептелген жаңы вагондо телевизор, заманбап аудиосистема, муздаткыч, кондиционер бар. Поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт: 22/07; 24/07; 26/07; 28/07; 30/07; 1/08; 3/08; 5/08; 7/08; 9/08; 11/08; 13/08; 15/08; 17/08; 19/08; 21/08; 23/08; 25/08; 27/08; 29/08; 31/08.

Жол жүрүү акысы: 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга — 250 сом; 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөргө — 500 сом. Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары 36 кг.га чейин кол жүгү – акысыз.

Маалымат үчүн телефондор: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

Белгилей кетсек, 25-июнда жаңы вагондун иши менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров таанышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.