Алым ТОКТОМУШЕВ: «Кембагалды аткарса, бүшүркөтүп каратат. Бай-манапты аткарса, Советбекке куп жарашат» (Архив)

Алым ТОКТОМУШЕВ: «Кембагалды аткарса, бүшүркөтүп каратат. Бай-манапты аткарса, Советбекке куп жарашат» (Архив)
90 жылдыкты утурлай…
Эки күн (22-23-июлда) эки залкар эскерилет.  Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара Каркыра жайлоосунда өткөрүлөт. 
Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгын утурлай, архивдеги кенже уулу Эдил Жумадыловдун маегин берип коюуну туура көрдүк. Анда эмесе, 16 жыл мурунку эскерүүнү чогуу тыңдайлы!

АРХИВден…

Эдил ЖУМАДЫЛОВ: «Атам атактуумун деп бой көтөрчү эмес»

«Кембагалды аткарса, бүшүркөтүп каратат. Бай-манапты аткарса, Советбекке куп жарашат» деп акын Алым Токтомушев агабыз жазгандай, кандай роль аткарса да ийнине жеткире аткарган, кинонун балбылдаган жылдызы болгонун ким танат?. Мыкты роль жараткандыгы үчүн элдин эсинде калып, өчпөс ысым менен алардын жүрөгүндө сакталып келатат. Атактуу актердун үй-бүлөсүнө кызыккандар оголе көп экен. Окурмандардын суроосу боюнча кенже баласы Эдил Жумадылов менен кызыктуу маек курдук.

— Эдил, Советбек ага канча бир тууган эле? Алар менен катташыңар барбы?

— Атам Түп районундагы Тепке айылында төрөлгөнү менен бактылуу балалыгы көлдөгү Арал айылында өтүптүр. Сталин жетектеп турган убакта чоң атам репрессияга кабылып, түрмөгө түшүп, куулуп отуруп, кийин ушул айылга биротоло отурукташып калыптыр. Ошол мезгилде чоң апама Кудай 15 бала бериптир, бирок тирүү калгандарынан атам жана карындашы болуптур. Эжем да ооруп, көзү өтүп кеткенине эки жыл болду. Көзү барда катташыбыз бар болчу. Азыр деле бар, уул-кыздары менен катташып келатабыз.

— Канча бир туугансыңар, кайда иштейсиңер?

— Биздин үй-бүлө искусство тармагына жакындардан. Жалгыз карындашыбыздан баштасам, Элнура кыргыз класста окуган. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүткөн. Азыр Консерваторияда мугалим болуп иштейт. Турмуш кура элек. Улуу байкем – Азат, ал Москвадагы музыкалык окуу жайдын виолончель бөлүмүн бүтүп келип, СССР ыдыраганча өз кесиби менен иштеди. Искусство жагына көп көңүл бурулбай калганына байланыштуу бизнес жагына ооп кеткен. Азыр ошол ишин аркалап келет. 3 баласы бар. Улуу баласы үйлөнүп, неберелүү кылды. Мисира жеңем экөө небере жыттап, чоң ата, чоң апа болушту. Андан кийинки байкем – Канат. Ушул байкем атамдын кесиптик жолун жолдоду десем жаңылышпайм. Москвадагы ГИТИСти ийгиликтүү бүтүп, алгачкы эмгек жолун Нарын театрынан баштаган. Кийин Бишкектеги кыргыз драма театрына которулуп, көптөгөн спектаклдерде ойноп, эки-үч фильмге тартылган. Буга чейин театрда (байкемди театрдагы чыгармачыл адамдар жакшы таанышат) кызмат кылып келген. Азыр ден соолугуна байланышуу үйдө. Дамира жеңем экөөнүн үч кызы бар. Бир кызы Америкада, экөө мектепте окуйт. Андан кийинки байкем – Марат. Ал мектепти аяктаган соң, армияга кетиптир. Аскердик кызматтан келгенден кийин заводдо иштептир. Азыр үй-бүлөсү менен Казарманда жашайт, ал жакта чоң бизнесмен. Ири бизнесмендердин бири десем болот. Жеңем Азиза экөө үч баланын ата-энеси. Балдардын кичүүсү менмин, Бишкектеги музыкалык окуу жайын аяктагам, музыкантмын. Учурда «Манас» президенттик камералык оркестрде жана «Чүй» камералык оркестрде иштейм. Жубайым Света, орус кызы. Эвита аттуу кызыбыз бар. Ошондо атам беш уул, бир кыздуу, он неберелүү, бир чөбөрөлүү болгон.

— Ата-энең келинчегиңди көрүп калыштыбы жана орус улутунан болгонун кандай кабыл алышты эле?

— Света экөөбүз бир группада окуганбыз. Келечектеги келинин апам көрбөй калганы менен билчү. Апам 1997-жылдын 12-декабрында каза болуп калган. Биз андан кийин баш кошконбуз. Ал эми атам болсо сүйлөшүп жүргөндө Светаны сыртынан көрүп, тааныш болуп калган. «Орус экен, алба!» деп талап койбогону менен «Балам, биздин салт-санаа башка. Кийин өзүңө эле кыйын болуп калат го. Бизге деле кыргыз келин болсо жакшы болмок…» деп айтып калчу. Ага жүрөгүм баш ийбей коюп, Светага баш коштум. Бирок, ал биздин салт-санааны туура кабыл алды. 20-май – апамдын, 5-декабрь – атамдын туулган күнүндө, курман айт, орозо учурунда ата-энемди эстеп, молдо чакырып, куран окутууну унутпайм. Куран окутам дегенди укканда эле Света кабак-кашым дебей, боорсок бышырып, жыт чыгарып турат. Мен ушуга кубанам. Өкүнгөнүм – ата-энемдин бу дүйнөдөн эрте кетип калышы. Ар бир ийгилигибизде эстеп, жоктоп келебиз…

— Ошондо сен Советбек аганын экинчи жубайы Сагын эжеденсиң да э? Апаңды атаңдан бир топ жаш кичүү деп укканбыз…

— Атам менин апам Сагын Имакеевага 1973-жылы баш кошкон. Апамдан Элнура экөөбүзбүз. Апам атамдан 15 жаш кичүү болчу. Экөө тең бизди «тигиндей болгула, мындай болгула» деп урушкан жок. Бизди эркин кармашты. Атам «киного тартылам» деп талаа-түзгө жана театр менен гастролдоп көп кетчү. Шаарда болуп калса деле абдан кеч келчү. Анда да артынан кайра эле телефон чалып, киного тартылууга чакыра беришчү. «Саат түнкү 12 болуп калды, мени бир аз эс алдырсаңар боло» деп аларды урушпай, кейибей, жаркылдап кете берчү. Эгер үйгө капысынан эрте келип калса, анда да эс алчу эмес. Дивандын бир бурчунда отуруп алып, берилген сценарийди үнүн катуу чыгарып окуп, даярдана берчү. Өтө эмгекчил адам эле. Апам болсо сегиз бир туугандын улуусу болгондуктан, бир туугандарына кеп-кеңешин көп берди. Ушундай болуш керек экен деп аларга айткандарын көкүрөккө түйүп калчубуз. «Уядан эмнени көрсөң, ошону аласың» дегендей, ата-энебизден көргөн нерсе менен гана чоңойдук. Алар бизге атайын убакыт бөлүп, тарбия бербесе да өздөрүнүн баскан-турганы, кылган иштери менен бизге үлгү боло алышты.

— Атактуу адамдардын көпчүлүгү туулуп-өскөн жеринен кол үзүп коюшат экен. Атаң айылындагы туугандарына барып турчу беле?

— Атам чоң апам менен бизди ээрчитип айылына көп барчу. Атам жалгыз баласы болгондуктан чоң апам биз менен жашачу. Чоң апам узак жашады. 1995-жылы 102 жашка чыгып, көз жумган.

— Кара жумушка кандай эле?

— Атам кара жумушка жакшы болчу. Өзгөчө чөптү ылдам чапчу. Аны көргөн коңшу-колоңдор: «Күнүгө ушул жерде жүрүп, биз мындай бат чаппайбыз» деп таңгалышчу. Атам тааныштырып кеткен тууган-уруктан кол үзбөй, алар менен катташууну максат кылып, жакын арада үй-бүлөм менен барып келсемби деп турам.

— «Бирөө бай жашачу» десе, дагы бир «кедей эле жашап өттү» деген эл арасында ар кандай сөздөр бар…

-«Бай, кедей» деген сөздөрдү укканда бала кезимдеги теңтуштарымдын кылып-жоруктары эске түшөт. Мектепте окуп жүргөндө лагерге барып калдым. Балдар менин ойноп жатсам, алар: «Сенин атаң бай, анан аябай жаман адам. Сен да бай, жамансың..» деп чурулдап калышты. Мен аябай жаман абалда калгам… Азыр ойлосом, атам кинодон көпөс, байлардын ролун ойногондуктан аларга каардуу киши көрүнсө керек деп койдум. Ошондон улам турмушта да бай, ачуулуу киши экен деген элдин элесинде калган турбайбы. Кинодо ошондой каардуу болгону менен турмушта такыр башка, жумшак адам болчу. Эл катары, орточо жашап өттү. Ата-энебиз бизге эң башкы байлык – ден соолукту, билимди беришти. Эч оорутпай багып, билимибизди тереңдетип кетишти. Байлыкты ким кандай түшүнөт билбейм, менин оюмча, ден соолук, билимден башка байлык жок.

Атамдын аябай жакшы, өтө жөнөкөй адам болгонун жакында эле, 27-мартта Кыргыз драма театрында болуп өткөн эскерүүсүндө уктук. Анда атамды жакындан билген атактуу адамдар эскерип, адамгерчилигин баса белгилеп, байлык, бийликке жулкунбаганын айтып өтүштү. Чынында эле атам алдым-жуттумга жулкунбаган, байлык, бийликке көз артпаган адам болчу. Эсимде, атамды Жогорку Кеңешке депутаттык мандатка аттуу-баштуу адамдар келип, сунуш кылган. «Мен артист боюнча калгым келет. Ар ким өз кесибинде иштесе жакшы болот» деп алардын сунушунан баш тартып койгон. Адамдын көңүлүн оорутпаган, бир нерсени да акырын айткан адам болчу. Атактуумун деп бой көтөрчү эмес. Атам менен базар, дүкөндөргө көп барчумун. Ошондо атамды элдер токтотуп, курчап алып кол тамгасын (автограф) алышчу… Кинодогу ролдорунан ар кандай нерселерди сурап, оңой менен кетиришчү эмес. Шашып жүрсөк да атам аларга «убактым жок эле» дебей, жайбаракат олтуруп алып айтып берчү. Эки сааттан кийин үйгө барчубуз. Бизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан апам да жаңжал чыгарчу эмес, жөн гана «экинчи сени көчөгө жибербейм, мындан кийин өзүм барам» деп күлүп койчу.

— Сагын эже кайда иштеди эле?

— Апам Сокулук районундагы Төшбулак айылында төрөлүп, Бишкектеги № 5 мектепте окуптур. Анан Ташкентке кетип, театралдык окуу жайын ийгиликтүү аяктаптыр. Атам дагы ошол окуу жайын бүтүргөн. Апам Бишкекке келип, кыргыз телевидениесинде диктор болуп иштеген. Кийин «Мен чилистен», «Учимся по-киргизски» аттуу телеберүүлөрдүн режиссеру болду. Апам да чыгармачыл адам болгондуктан, атам экөө бири-бирин туура түшүнүп, урушу жок, ынтымактуу, бактылуу жашашты деп ойлойм.

— Бактылуу жашагандардын бири эрте кетсе, бири кайгыга алдырып коет турбайбы… «Жоктоо дартын жеңе албай, кайгыдан өтүп кетти» деген да сөз бар..

— Ошентип айтса деле болот. Анткени атам жоктоо дартын жеңе алган жок. Ичинен сызчу… Биз миң жерден жакшы болсок деле, жарындай боло албайт экенбиз деп ойлойм. Жоктоо дартын жартылуу жумушу болуп турса да жеңип кетет беле, жашап турат беле деп кейип кетем. Анткени атам өз кесбиин абдан сүйчү. Ошол учурда маданият абдан эле кризиске учурабадыбы… Киного тартылуу эмес, театрда мурдагыдай дүркүрөгөн премьера жок болчу. Театрда иши жакшы болсо, балким апамды көп ойлобойт беле. Бир чети жумушсуздук да атамды жеп кетти. Ар нерсени жүрөгүнө жакын кабыл ала берип, жүрөк оорусу алып кетпедиби…

— Эдил, кечирим сурайм, «ачууну ачуу басат» деп кийинки күнү көп ичип кеткен» деген да сөздөр бар… Ичимдикке мамилеси кандай эле?

— Атамды элдер арак менен сыйлашчу. «Ичпейм десем, бой көтөрдү» дешет, бир аз алып коеюн э» деп бир-эки рюмка гана алып койчу. Ошончо көп адамдын ичинен белгилүү кишинин ичкени көрүнүп калат турбайбы… Ошол эле арак менен сыйлаган адамдар «мен аны менен ичкем, ал ичет» деп жайып жиберишсе керек да. Болбосо андай кеп кайдан чыгат эле?.. Сыйлаган адамдардын сунганын алып койгону болбосо, бейчеки иччү эмес.

— «Башка динге өтө берилип кеткен» деген да кептер бар. Ушунун канчалык чындыгы бар?

— «Фанат» болуп башка динге өтүп кеткен жок. Кыргыздын, биздин гана динге баш ийип, мечитке барып турчу. Ага деле барганына 3-4 жыл эле болгон. Кадыр түндү уктабай мечиттен тосчу.

— Эмнени жаман көрчү эле?

— Туулган күндү белгилеп, конокко барганды жаман көрчү. Ощондон улам, биз дагы «туулган күндү белгилейбиз» дечү эмеспиз. (Күлүп) Биз айтпагандыктанбы, айтор, билбейм, бетибизден өөп, куттуктап койгонду да унутуп коюшчу.

— Сырдашчу белеңер?

— Атам эч ким менен сырдашчу эмес. Бардык нерсени ичине сактаган сырдуу, табышмактуу адам эле. Мындай адамдын жан-дүйнөсүн билүү кыйын болот экен. Бир чети ушундай болгону деле жакшы го деп ойлойм. Бирок, атам куудул болчу, ар кимди туурап, бизди аябай күлдүрчү. Мыкты актер эле. Атамдын аткаруучулук ролдорду кудум турмуштагыдай ийнине жеткире аткаргандыгы абдан жакчу. Маселен, кандайдыр бир ролго 10-20 кг салмак кошуш керек болуп калса, тынбай, тамактаган сайын эт, казы-картаң, чучук жеп олтуруп семирчү. Кайра арыкташ керек десе, эртең менен эрте туруп чуркап, тез арыктачу. Айтор, режиссерлордун айткандарын кылчу…

— Спортко кызыгуусу кандай эле?

— Кызыгуусу жок болчу. Көбүнчө өз ишин менен алектенчү. Анын үстүнө спортко убактысы деле калбаса керек. Бирок, жөө басканды жактырчу. «Жөө баскан ден соолукка пайдалуу, бул дагы спорт» деп коер эле…

— Баш-аягы канча роль жаратты?

— Майда-чүйдөсү менен өтө көп. Башкы ролдорду аткаргандарын санасак, фильм жүз, спектаклдери да жүздөн ашат.

— Атактуу артисттерден кимди жактырчу, ким менен катташчу эле?

— Мүнөзү жумшак болгондуктан, бардык адам менен мамилеси жакшы болчу. Мен кичинекей болгондуктан үйгө келген атактуулардын ата-жөнүн көп билбей кадым. Билип калганым эле айтылуу актёр Сүймөнкул Чокморов болду. Агабыз үйгө көп келип, атамдан кеп-кеңеш алып кетчү. Атамдын сүрөтүн да сонун кылып тартып, алдына кол коюп, белек кылган. Ошол портрет үйдө илинип турат.

Атам Сүймөнкул Чокморовду жактырчу, жөнөкөй деп. Эки залкардын эрте өтүп кеткенине кейийм. Дагы жашай турушса жакшы болмок да. Атамдын көзү тируу болгондо быйыл 73 жашка чыкмак.

Биз жашаган үйгө мемориалдык такта тагуу аземинде президенттин кеңешчиси, айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиев келип: «Караш-караш окуясы» киносунда эки мыкты актердун кимиси ролду жакшы жаратат экен деп ойлогом. Экөө тең өз ролун мыкты ойноду. Элге да жакты»,-деген. Болот байкенин сөзүнө толугу менен кошулам.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити, 2006-жыл

One thought on “Алым ТОКТОМУШЕВ: «Кембагалды аткарса, бүшүркөтүп каратат. Бай-манапты аткарса, Советбекке куп жарашат» (Архив)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.