АРХИВ — Түгөлбай Сыдыкбековдун 26 жыл мурун «Асабага» жазган ак батасы

АРХИВ — Түгөлбай Сыдыкбековдун 26 жыл мурун «Асабага» жазган ак батасы

Эки залкар эскерилди…

Бүгүн, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Эл жазуучу, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө «Пейил» прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү. Андан кийин мамлекет башчы сүйлөп, эки залкардын Мекен үчүн кылган кызматын, эмгегин баса белгиледи. Иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды. Аягында ырчылар ырдады.

Сөөлөтү демөөр сөз бермети

«Бул ак батаны Түгөлбай атабыз атайын «Асаба» үчүн 1996-жылы Басма сөз күнүнө карата өз колу менен жазып берди эле. «Баягы Асабанын» чыгышын да, атейин аксакалдын ак батасы менен баштап жатабыз…» деп жолдошум Эрнис АСЕК уулу гезитибиздин алгачкы санына (2013-жыл, 3-октябрь) жазып, чыгарды эле. Ошол ак батаны атабыздын 110 жылдык маарекесине карата кайталап берип турубуз.

Биз — адам баласы, бирибизге бирибиз пейилибизди агартып, өмүр көчүн сапардаш узатканыбызда, бакыт кушу төрүбүзгө конду. Жергебиз кеңейди. Калайык калк муң билбеди. Дасторкондо ырыс-кешик толуп турду.

Биз — адам баласы, пейил бузуп, бирибизди бирибиз душман санап менменсингенде, жергебиз тарыды. Жерибизге кан төгүлдү. Жалпы жан-жаныбардын каргышына калдык. Бакыт кушу төрүбүздөн учту. Замандан замандарга өмүр көчү ушундай оош-кыйыш жолдо келатыр. Өкүнүчтүү жагдай, эң акылдуу жаныбары — адам баласы өзүнө-өзү оор жүктү артат. Анан: «Оо, тагдыр!» — деп бактысыздыкты жаандан, жаратылыштан, кудайдан көрөбүз. Жаан жерди көгөртүп, жаратылыш асыл байлыгын энчилеп, кудай пейлибизди агартып келатпайбы. Биз — адам баласы ошого ак бололу!

Байыркы атам — кыргыз урпагы, келкелиң келгенде, сен желдей сыздың, куштай учтуң. Агыны катуу дарыядан ат сугардың. Кырк капкалуу Бээжинге от жебеңди ызгыттың. Келкелиң кеткенде канатың кайрылды. Тулпарың аксады. Жөө бастың кылымдарга. Отко күйбөс, сууда чөкпөс, жерде чирибес Сөз бермети жараткан дастанын даңазалап, дастаның күбө баарына!

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ,

Кыргыз эл жазуучусу

P.S. Советбек Жумадыловдун баласынын архивдеги маеги бу ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.