Руслан ЖАКЫШОВ: «Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесин өткөрүү маселеси талкууланды»

Руслан ЖАКЫШОВ: «Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесин өткөрүү маселеси талкууланды»

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов Талас облусуна караштуу Акназаров айыл аймагына барып, айылдык кеңешинин депутаттары жана айылдын активдери менен жолугушту. Мындай маалыматты анын жардамчысы Жамалбек Касымалиев Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Анын маалыматына караганда, депутат менен болгон жолугушууда мектеп, бала бакча, таза суу (ичүүчү), сугат суу, ички жолдорду оңдоо маселеси жана башка социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен Жакышовго кайрылышкан. Жыйындын аягында Көк-Таш, Кызыл Октябрь жолун калыбына келтирүү иштерине жардам көрсөтүп жаткан эл өкүлүнө ыраазычылык билдиришкен. Буга чейин айыл тургундары айрым ички жолдордун абалы начар экендигин баса белгилеп, бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү Руслан Жакышовдон өтүнүшкөн. Элдин суранычын жерге калтырбаган депутат аны ишке ашырууда. Тагырагы, анын демилгеси менен ички жолдорго асфальт төшөлүүдө…

И баса, жыйында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдык маарекесин өткөрүү маселеси да талкууланыптыр.

97 жашында каза болгон

Саясий жана мамлекеттик ишмер, Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры,  «Өмүрдөгү ак жол» аттуу китептин автору Корчубек Акназаров Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында 1922-жылы 1-августта туулган. Эмгек жолу айылдык жети жылдык мектепте (1941-жылы) мугалимдиктен башталган. 1943-жылы Армияга чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. 7 баланын (алты кыз, бир уул) атасы. Бир кызы Кыргызстанга белгилүү айым. Ал Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова. 

2019-жылы 1-февралда 97 жашында каза болгон. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.