Нарын: облус башчысы Жетим-Тоо тууралуу пикирин билдирди

Нарын: облус башчысы Жетим-Тоо тууралуу пикирин билдирди

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты.

Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген. «Жетим-Тоо — бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок», — деди Эргешов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде «Азаттыкка» курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.