Жогорку сот судьялары зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө беришти

Жогорку сот судьялары зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө беришти

25-июлда Жогорку соттун басма сөз борборунда Жогорку соттун судьялары Күмүшбек Жоомартов менен Инара Гилязетдинова К. аттуу аялды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө беришти. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын маалыматына караганда, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2020-жылдын 22-июлундагы өкүмү менен Т. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү менен (2017-жылдын 2-февралындагы Мыйзамдын редакциясына ылайык) үч жылдык мөөнөткө түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны белгилөө менен соттолгон жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 3-бөлүгүнүн эмгек акысынын 20%ын мамлекетке төлөп туруу каралган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы Мыйзамынын редакциясына ылайык) Т. аттуу жаран 161-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 162-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 172-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, анын аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугу үчүн акталган.

Жабырлануучунун жарандык доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Т.дан анын пайдасына 45 117 сом материалдык чыгым жана 100 000 сом моралдык зыян өндүрүлгөн.

Чүй облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги өкүмү менен Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2020-жылдын 22-июлундагы өкүмү күчүндө калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча  соттук коллегиясынын 2022-жылдын 19-июлундагы чечими менен Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2020-жылдын 22-июлундагы жана  Чүй облустук сотунун жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Соттук коллегия жыныстык кол тийбестикке тиешелүү бөлүгүндө соттордун Т. аттуу жарандын акталышына байланыштуу тыянактарын негиздүү деп эсептейт, анын ичинде соттук-биологиялык жана соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгына таянып, жабырлануучу тараптын ага карата сексуалдык зомбулук бар экендиги жөнүндө жүйөлөрүн четке кагат.

Судьялар соттук териштирүүнү колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдардын талаптары менен чектелип, бул иш жеке адамдын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар боюнча тартиптегидей жабык соттук териштирүүдө каралганын түшүндүрүштү. Ишке катышкан адамдардын жашоосунун интимдик аспектилери жөнүндө маалыматтарды же алардын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жагы айтылды.

Үч инстанцияда тең соттук териштирүүдө иш материалдары тыкыр иликтенип, кылмыш ишин чечүүдө колдонулуп жаткан мыйзамдардын нормаларына журналисттердин көңүлүн буруп, үч берене боюнча актоо өкүмү чыгарылгандыгын маалымдашты.

Соттордун маалымат жыйынын өткөрүү практикасы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чечимди туура эмес чечмелөөгө жана сотко карата терс көз карашты калыптандырууга жол бербөө максатында жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.