БАЗАРБЕКОВ: «Процессуалдык мыйзам бузуу фактылары көз жаздымда калбайт жана жашырылбайт!»

БАЗАРБЕКОВ: «Процессуалдык мыйзам бузуу фактылары көз жаздымда калбайт жана жашырылбайт!»

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин аракеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине кечээ, 27-июлда, сунуш жөнөттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Айтылган маалыматта, Н.И.Каримбеков Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы кезинде жана учурда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы болуп турганда да судьянын Ар-намыс кодексин, эмгек кодексин одоно бузгандыгы көрсөтүлгөн. Тагырагы, судьянын милдеттерин так аткарбай, ишке катышкандардын сот актыларын өз убагында жеткирүү чаралары көрүлбөй, иштерди өз убагында кабыл алуу, кароо жана сот кеңсесине жеткирүү аракеттери жасалган эмес. Мындан тышкары, сот аппаратынын кызматкерлеринин ишине толук көзөмөлдүн жоктугу, мас абалында ишке барышы судья Н.И.Каримбековго дисциплинардык чара көрүүгө негиз болду.

Бул жагдайдан улам, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги тарабынан мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бекитилген кынтыксыздык талаптарынын судьялар тарабынан аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыгы байкалууда…

Буга чейин З.Базарбеков жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо алардын иштеген жерин гана өзгөртүү эмес, анын максаттарынын бири — өзүнүн аракеттери жана жүрүм-туруму менен сот бийлигинин беделине зыян келтирген компетентсиз судьялардан тазалоо экенин билдирген.

Андыктан процессуалдык мыйзам бузуу фактылары көз жаздымда калбайт жана жашырылбайт, судьяларды ротациялоонун аркасында сот тутумунда соттордун өзүн-өзү тазалоо процесси күчөйт экен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.