Россияда биздин спортчу балдарыбыз жеңишке жетишти! Куттуктайбыз!

Россияда биздин спортчу балдарыбыз жеңишке жетишти! Куттуктайбыз!
Ушул тапта Россиянын Владивосток шаарында тхеквандо боюнча “Азия балдары” VII эл аралык мелдеши өтүп жатат. Кыргызстан курама командасынан барган Нурхан Самидинов менен Ибрахим Умаров жеңишке жетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Алардын айтымында, 48 кг салмак категорияда Нурхан Самидинов күмүш медаль, 73 кг салмакта Ибрахим Умаров коло медалын тагынды.
Белгилей кетсек,  “Азия балдары” VII Эл аралык спорт оюндары 28-июлда башталган. Кыргызстандан спорттун 9 түрү боюнча 48 спортчу катышканы учуп кеткен. Турнир 8-августка чейин уланат.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.