Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Жогорку сот төрагасына эмнени сунуштады?

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Жогорку сот төрагасына эмнени сунуштады?

Бүгүн, 3-августта, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков  Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ювеналдык юстицияга тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди козгошту. Алсак, Гаагада 2007-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган “Балдарга жана үй-бүлөнү багуунун башка түрлөрүнө алименттерди өндүрүүнүн эл аралык тартиби жөнүндө” Конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусунун зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Аталган Конвенция балдарга жана үй-бүлөнү багуунун башка түрлөрүнө алименттерди чет өлкөдө натыйжалуу өндүрүп алууга, тагырагы, Конвенцияга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда кызматташуунун комплекстүү тутумун түзүү, алимент өндүрүү жөнүндө чечим чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүү жолуна багытталган.

Төрага соттук коргоо баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу жана артыкчылыктуу коргоону камсыз кылуунун маанилүү кепилдиктеринин бири экендигин белгиледи.

Балдардын кызыкчылыктарына тиешеси бар иштер боюнча сот талашты баланын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жана баланын пикирин эске алуу менен анын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи кезекте таануу принцибине негизделгени баса белгиленди. Тараптар бул категориядагы иштерди кароонун мөөнөттөрүнө да токтолушту.

Ошондой эле, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жашы жете электерге карата физикалык жана сексуалдык зомбулук, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук иштери боюнча соттук практиканы изилдөө жана жалпылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.