Кыйноого каршы борбор №27 абактагы моралдык-психологиялык абалды изилдөөдө

Кыйноого каршы борбор №27 абактагы моралдык-психологиялык абалды изилдөөдө

Кыйноолорго каршы улуттук борбор аскер кызматкери каза болгон №27 колониядагы моралдык-психологиялык абалга кылдат көз салып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эгер абак кайтарган аскер кызматкерлеринин укугу бузулганы тууралуу кайсы бир факт аныкталса чукул арада Жаза аткаруу кызматына, Аскердик прокуратурага жана коомчулукка кабар берилет.

Борбордун өкүлдөрү өз алдынча иликтөө жүргүзүп, абак кызматкерлери жана каза болгон жоокер менен чогуу кызмат өтөгөндөр арасында сурамжылоо жүргүзүп жатышканы, баары эч кандай мыйзам бузуу жок деп маалымат беришкени, окуяны кырсык деп атап жатышканы айтылды.

29-июлда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясын кайтарган жоокер, 18 жаштагы Калыс Абдыкабылов каза болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, өзүн өзү аткан деп билдирген.

Маркумдун жакындары анын өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылууда. Алар жоокер өзүн атып алды деген жүйөгө ишенбей жатышат.

Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирүүдө.

Абдыкабылов менен чогуу кызмат өтөгөндөр ал суицидге барбай турган жигит болгонун бир ооздон айтышканын 1-августта Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсесинен билдиришкен. Бул мекеме да окуя боюнча өз алдынча териштирүү жүргүзүп жатат.

Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө Абдыкабылов кысымга кабылып жүргөнү тууралуу маалымат тараган.

Былтыр сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда аскер кызматын келишимдик негизде кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы аскер октон каза болгон. Окуяга байланыштуу «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголгон. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.