Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз бала…

Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз бала…

Алардын маалыматына таянсак, каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон. Алар кечээ, 7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен. Бул окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барып, маркум жарандардын жакындары менен аныктап жатат.

Буга чейин бул кырсык боюнча Орусиядагы маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жатканы, ошол учурда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткени айтылган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталган.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.