Улуттук банк валюта алмаштырган Телеграм-каналдарга айып пул салды

Улуттук банк валюта алмаштырган Телеграм-каналдарга айып пул салды

Улуттук банк мыйзамсыз валюта алмаштырган Телеграм-каналдардын ээлерине айып пул салды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш билдирди.Анын айтымында, Улуттук банктын жетекчилиги рейддерди өткөрүп, мындай Телеграм-каналдардын ээлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүгө аракет жасоодо. Рейд учурунда бардыгы болуп 14 физикалык жакка айып пул салынган.

Буга чейин Улуттук банк ИИМ жана Салык кызматы менен бирге уруксаты жок валюта алмаштыруу менен алектенгендердин жолун бөгөөгө ниеттенип жатканын кабарлаган.

Мыйзам боюнча тиешелүү лицензиясы жок акча алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат. Айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду түзөт.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.