Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Анда кимдер бар? (Тизме)

Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Анда кимдер бар? (Тизме)

«Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка президент Садыр Жапаров кечээ, 16-августта кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда ушул жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.

Курултайдын курамы бекитилди. Тизме

Жарлык менен биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди.

Алар:

1. Сүйүнбек Касмамбетов – Мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

2. Бейшенбек Абдразаков – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча;

3. Чолпонбек Абыкеев – Президенттин кеңешчиси, «Элдик Курултай жөнүндө»  конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

4. Бекбосун Бөрүбашов – Президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

5. Замирбек Айтиев – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

6. Абдрахман Алымбаев (Байас Турал) – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

7. Чолпонкул Арабаев – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

8. Кубанычбек Дүйшеев – «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

9. Кадырали Кошалиев – «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

10. Билим Райымкулов – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

11. Айбек Жунушалиев – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

12. Мурат Укушов – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

13. Мирбек Кожоев – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

14. Каныбек Туманбаев  – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

15. Абдыкарим Алымбаев  – Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

16. Нурил Алымбаев –  Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

17. Зиядин Жамалдинов – Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

18. Баытбек Нарбеков –  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

19. Абсаттар Сыргабаев –  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

20. Алтынбек Сулайманов – Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

21. Алтынбек Эргешов – Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

22. Эмилбек Абдыкадыров – Бишкек шаарынын мэри;

23. Алмаз Мамбетов – Ош шаарынын мэри.

Абыкеевдин айтымында…

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган. Бирок, документтин концепциясы колдоо тапкан эмес. Негизинен жыйында бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулугуна байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган. Анда президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев долбоорго байланыштуу баяндама жасап, бул долбоор уникалдуу экенин баса белгилеп, курултай эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болорун билдирген.

Эске сала кетсек, Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.