Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?.

Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бул күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна катышууда. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында Замирбек Базарбеков менен Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиёндун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Замирбек Базарбеков жолугушуу учурунда   Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда бекем тарыхый негизге жана маданиятка ээ болгон жакшы коңшулук жана бир туугандык мамилелер өнүккөндүгүн айтты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде өнүгүп жатат.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту эки өлкөнүн сот адилеттиги системасын өркүндөтүү  үчүн биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууда Тажикстан Республикасынын жогорку сот органы менен мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар.

Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо максатта Замирбек Базарбеков Шермухаммад Шохиёнду 2022-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган “Конституциялык реформалардын шартында сот бийлигинин көз карандысыздыгы” аттуу эл аралык конференцияга катышып кетүүгө чакырды. Аталган конференцияга сот тутумунун, мамлекеттик бийлик органдарынын (Президенттин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Акыйкатчы ж.б.), эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Венеция комиссиясынын эксперттери,  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун өкүлдөрү катышат.

Өз кезегинде Шермухаммад Шохиён Жогорку соттун төрагасы  Замирбек Базарбековду Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVII отурумуна келип катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип,  эки тараптуу кызматташтыкты жаңы баскычка чыгарууга даяр экендигин кошумчалады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн сот тутумундагы жетишкендиктери, артыкчылыктары жана тажрыйбалары туурасында пикир алышышты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.