БАЗАРБЕКОВ: «Иран Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болду»

БАЗАРБЕКОВ: «Иран Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болду»

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он жетинчи жыйыны кечээ, 18-августта Душанбе шаарын болуп өттү. Жыйынды Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиён ачты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Иран Ислам Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын  биринчи орун басары Мухаммад Муссадыктын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Замирбек Базарбеков 1992-жылы Иран Ислам Республикасы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын жана быйыл Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын белгиледи. «Ошол учурдан тартып эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимге, салттуу достук мамилелерге салым кошкон стратегиялык өнөктөштүктүн чыңдалышы башталды. Бул мезгил аралыгында эки өлкө бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты кадам сайын өнүктүрүп, бекемдеди. Кыргызстан менен Ирандын кызматташтыгы эки тараптуу гана эмес, Бириккен Улуттар Уюму, Ислам өнүктүрүү банкы жана албетте Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында көп тараптуу негизде өнүгүп жатат», — деди Замирбек Базарбеков.

Өткөн жылы Саммитте мамлекет башчылары Иран Ислам Республикасына ШКУга мүчө-мамлекет статусун берүү чечимин кабыл алышкан, бул Иран Ислам Республикасынын Жогорку сотунун сот системасын уюштуруу, ошондой эле сот практикасынын маселелери боюнча иш тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү болгондой, ШКУ 2001-жылы Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери тарабынан негизделген эл аралык уюм. 2016-жылы уюмга Индия Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы кирген.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.