Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү. Маркумдардын сөөгү бүгүн алынып келинет (Тизме)

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү. Маркумдардын сөөгү бүгүн алынып келинет (Тизме)

16 адам каза болгон, 14ү Кыргызстандын жарандары…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы 21-август күнү Орусияда болгон. Ульяновск облусунун Николаев районундагы М5 — «УРАЛ» унаа жолунун 808 — 810 чакырымында эки оор жүк ташуучу унаа жана «Мерседес» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталган. КР Тышкы иштер министрлигинин такталган маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен каза болгон 16 жарандын 14ү Кыргызстандын жарандары. Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 23-августта алынып келинет.
ыргызстандын 3 жараны (эки жаран жалпы палатага которулуп, бир жаран жандандыруу бөлүмүндө) жаракат алып, алар Николаев райондук ооруканага жеткирилген.

Садыр ЖАПАРОВ: «Мындайда көңүл айтуу да оор…»

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн калган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады.

Урматтуу кыргызстандыктар! Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Ыйык Кураныбызда «Аллахым сабырдууларды сүйөт» деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен  23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм!

ӨКМ каза болгондордун тизмесин жарыялады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады. Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта.

Ош облусу:

1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван райыону, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусу:

1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
2 Мусабаева Элнура Турганбаевна — 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина — 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет — 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз — 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.

Баткен облусу:

1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы — 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек — 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Осмонова Айтгул Момуновна — 10.05.1959, Баткен шаары.
5. Арыстанбек уулу Нуртилек — 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.

Ооруканада жаткандар:

1. Алибаева Айгүл — 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык — 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек — 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдардын жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.