Замирбек Базарбеков Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Алмаз Ибраевди кабыл алды

Замирбек Базарбеков Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Алмаз Ибраевди кабыл алды

Бүгүн, 25-августта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Алмаз Ибраевди кабыл алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар судьялык кызматына талапкерлерди тандоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

Алмаз Ибраев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишмердүүлүгүн талдоо жана баалоо боюнча мониторинг тобунун төрагасы экенин белгилейбиз. Топ өз ишмердүүлүгүн президент Садыр Жапаров тарабынан соттордун XII съездинде айтылган сот адилеттигин ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ жана моралдык принциптери жогору кесипкөй кадрларды тандоо зарылчылыгы жөнүндө талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иш алып барат.

Эске салсак,  2021-жылдын 8-июлундагы президенттин Жарлыгы менен Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.

Аталган Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.