Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Мар Байжиев «Манаска киришип көрбөйсүңбү деди» дептир. Бул жомок»

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Мар Байжиев «Манаска киришип көрбөйсүңбү деди» дептир. Бул жомок»
«Так Мураскери” («Манастын уулу Семетей») аттуу кино былтыр август айынан бери  сынга кабылып, коомчулукка чуу жаратып, айрым манасчыларга, кээ бир тарыхчыларга жакпай, тасманы тартууну токтотууну талап кылып келишкен. Бирок, болбой эле тартылып, 24-августта Бишкектеги «Манас» кинотеатрында бет ачары болду. Тасманы продюсер Өмүрзак Төлөбеков Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде тартканын айтып келет. 

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Бетиңе кармаган Жалил Садыков агабыздын көзү болгондо…»

Өмүрзак Төлөбеков тууралуу пикирин Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү драматург Бурул Калчабаева билдирди. «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
«Өрдөк жокто чулдук бий» же «Өлүү арстандан тирүү чычкан өйдө» деген заман…
Көрөт элем Төлөмүш Океев, Бексултан Жакиев, Болот Шамшиев сыяктуу Лөктөрдүн көзү тирүү болгондо, «Манастын уулу Семетейди» тартмак тургай, «Мендирманды» тартаарыңды! Ошол эле бетиңе кармаган Жалил Садыков агабыздын көзү болгондо… Жакындай алмак эмессиңер.
Дагы уялбай Мар Байжиев «Манаска киришип көрбөйсүңбү деди» дептир. Мар авабыз өмүр бою Манастын тазалыгы, сакталышы үчүн кармашып келген киши! Т.Океевге айтпаган, М. Убукеевге айтпаган…Өмүрзак дегенге айтыптыр да! Жомок бул. Көзү жок деп эле айта бербеш керек.
Жогоруда мен атын атаган залкарлардын алдына каражемсөө халтурщиктер даап бара алчу эмес.
Эл эмне… ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алат. Элге көрсөтөөрдөн мурун кесипкөйлөрдүн үнүн угуш керек!
Өмүрзак Төлөбеков! Сен, түшүнсөң миңдеген жылдар жашаган Улуттун Улуу Дөөлөтүн «ийлеп-ийлеп итке салды» кылдың.
 Экинчиден: Президент колдоду дей берип, Садыр Жапаровдун атына көлөкө түшүрдүң.
Убакыт өтөт. Сенин чалагайым тартылган тасмаң да мезгилдин торко элегинен өтөт.
Качан тартылган?- деген суроого: — Садыр Жапаровдун учурунда -деген жооп айтылат. Ушуну бир билип кой.
Анан да аттуу-баштуу 3-4 кишини, анын ичинде Таластын даңктуу кыздарын, анан алардын чачпагын көтөрүп чай ичкен жерге кашык көтөрө чуркаган дүжүрлөрдүн сүрөтүн жөнөткөнүңдү токтот.
Манас тууралуу сөз болгондо улуу муундагы жазуучулардын улуу манасчы Сагынбай Орозбаков өлөөрүндө: «Айкөлгө кыянаттык кылбагыла!» — деген сөзүн көп айтышаар эле. (Бир сөздү жутуп койдум.)
Бул дымагың менен Манасты Маанакеге айлантчу түрүң бар.
Кеч боло электе «Манасты» Өмүрзак Төлөбеков и его К⁰ коргоо уюмун түзөт окшойбуз.

 1 млн. долларды түзгөн тасма…

Бюджети 1 млн. долларды түзгөн бул тасма бийликке, чиновниктерге жакканы менен манасчылардын, элдин сынынан өтпөй, купулуна толбой келет. Бирок, режиссёр Өмүрзак Төлөбеков коомчулуктун дооматтарга макул эмес. Ал тасманы былтыр июлдун аягында тарта баштаган. Анда ал сценарий Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде жазылганын айтып, президент Садыр Жапаров да колдоо көрсөтүп жатканын билдирген. Андагы мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат» деген маалыматты четке каккан. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.